Коопсуздук кызматынын абагында он күндө эки киши каза тапты
Саясат таануучу Марат Казакпаевдин жана "Айыл Банктын" төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин өлүмүн иликтөө үчүн түзүлгөн комиссияны Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жетектей турган болду.
Маалыматка караганда, комиссиянын курамына акыйкатчы Атыр Абдрахматова, Жогорку Кеңештин, мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү, Казакпаев менен Асанбаевдин жакындары кирген. Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөө абагында бир аптада эки кишинин каза табышы атайын кызматтын дарегине сынды күчөттү.
Ал тапта Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев комиссия жыйынтыгын күтүп отурбай, факты боюнча кылмыш ишин козгоо керектигин айтып чыкты.
Атайын кызматтын тергөө абагында отурган Марат Казакпаев 9-июнда “Тез жардам” менен Бишкектеги №1 шаардык клиникалык ооруканасына эс-учун жоготкон абалда жеткирилип, 10-июнда өзүнө келбей көз жумган. Андан бир жума өтпөй, Бакыт Асанбаевдин сөөгү асынып турган жеринен табылганы кабарланды.
Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Сирожиддин Камолиддиновдун айтуусунда, текшерүү он күндөн бир айга чейин созулушу мүмкүн.
“Текшерүү жүрүп жатат. Экпертиза аныкталды, анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет. Мыйзамга ылайык, катталган күндөн тартып он күнгө чейин текшерүү жүрөт. Тийиштүү экспертизалар, кызматтык иликтөөлөрдүн жыйынтыгы чыга элек болсо, мөөнөт 20 күнгө чейин узартылышы мүмкүн”.
Маркум Марат Казакпаев менен Бакыт Асанбековдордун жакындары алар өз ажалы менен өлдү дегенге ишенбей турганын айтышууда.
Казакпаевдин жубайы Анар Казакпаева күйөөсү УКМКда медициналык жардамды убагында албаганын, кыйноого кабылганын билдирген.
Бакыт Асанбаевдин жубайы Сайкал Айдаралиева "аны өлтүрүп коюшту" деп жатат.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ал башкарган мекеменин абагында асынып өлдү делген банк кызматкери Асанбаевдин өлүмү тууралуу үн ката элек.
Ташиев өткөн аптада саясат талдоочу Марат Казакпаевдин өлүмү тууралуу “Новые лица” гезитине маек берип жатып, ал жетектеген комитеттин тергөө абагы эң коопсуз жай экенин айткан.
“Казакпаевге кандайдыр бир кыйноо колдонулган деген – бул калп. Мындай эч качан болгон эмес жана болбойт. Сот жогорку кызматтагы адамдарды камакка алуу чечимин чыгарганда дагы бардык бизнесмендер, мурдагы чиновниктер биздин УКМКнын тергөө абагында болууну суранышат. Анткени бул жерде эч ким, эч качан кысымга алынбайт. Тергөө абагынын сыртында жана ичинде, коридорлордо видеокамералар орнотулуп, ким кирип-чыгып жатканы катталып, бардык сүйлөшүүлөр толук жазылып турат”, - деген Ташиев.
Казакпаевдин өлүмүнөн кийин Камчыбек Ташиевди кызматтан убактылуу четтетип, көз карандысыз комиссия түзүнү талап кылган саясатчы Равшан Жээнбеков экинчи өлүмдөн кийин жетекчилердин жоопкерчилиги токтоосуз каралыш керек деп эсептейт.
“УКМКнын башына Ташиев келгени президенттин жакын досу катары мамлекеттин бардык тармагына УКМКнын ролу күчөп кетти. Анын таасиринин пайдасынан зыяны көп болуп жатат. УКМКнын түрмөсүнөн эки адамдын өлүшү аябай оор көрсөткүч. Башка жакта болгондо мекеменин жетекчилери кызматтан кетип, жоопкерчиликке тартылмак. УКМК криминалдык топторду жок кылабыз деген. Тескерисинче, бардыгы акталып, болгон жакта жойлоп жүрүшөт. Коррупция менен күрөштү бетине кармап жатты эле, эл аралык көрсөткүчтө төмөн түшүп кетти. Ошондуктан УКМКны реформалоого убакыт келди. Эгер реформалабаса чоң трагедияга алып келиши мүмкүн”.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Марат Казакпаевдин өлүмүн саясатташтырбоого чакырган. “Новые лица” гезитине курган маегинде бир катар саясатчылар Казакпаевдин өлүмүн өз максатында колдонуп жатканын айткан.
Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова президент түзгөн комиссия тууралуу мындай оюн бөлүштү:
“Жооптуу кызматтардын баарына досторун коюп алса, алардан эчтеке сурай албаса, ортодо саясий мамиледен сырткары болгон былыктарын билген жакындык болуп жатса, каяктагы комиссия? Президент өзү түзгөн системанын туткуну болуп калды. Мындай кырдаалда прокуратура иликтеш керек эле. Кылмыш ишин козгоп, жоопкерчилик жөнүндө маселе коюш керек болчу. Анте албайт. Анткени бардыгы достор. Алымкадыр Бейшеналиев боюнча комиссияны көрбөдүкпү? Комиссияга кимдер кирди, кандай укугу бары белгисиз болуп жатпайбы”.
Клара Сооронкулова комиссиянын жыйынтыгы менен тергөө абагын кайтарган катардагы кызматкерлер жоопкерчиликке тартылып калышы мүмкүн экенин айтат.
2020-жылы Октябрь окуяларынан кийин бийликке келген Садыр Жапаров Конституцияны өзгөртүп, Кыргызстан президенттик башкаруу формасына кайткан. Президент конституциялык реформанын максаты бийлик жоопкерчилигин бекемдөө менен түшүндүргөн.
Мамлекет башчынын кеңешчиси Бекбосун Бөрүбашев президент комиссия түзүү аркылуу жоопкерчиликти өзүнө алып, иштин чын-төгүнүн билип жатканын айтат.
“Конституциянын гаранты болгондон кийин ким күнөөлүү, ким ак карап көрөйүн деп комиссияны президент өзү үчүн түзүп жатат. Бизге эчтеке жакпайт, түзсөң да, түзбөсөң да жакпайсың. Башкы прокурорду кызматтан убактылуу четтете албайт деп кайсы жеринде турат? Баш мыйзамда дос деген нерсе жок. Бут бардыгынын жоопкерчилиги жазылган. Өткөндө түрмөлөрдө 150 адам каза болуп, анын 19у жанын кыйыптыр деген маалымат чыкты. Бул чоң трагедия, бир эле кишини карабаш керек. Мен каза болгон эки баланы тең билчү элем. Ооба, бул ызы-чуулуу нерсе. Бирок ким күнөөлүү, мунун жыйынтыгы чыгат да”.
Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы акыркы жылдары тергөө абагында жатып каза болгондор жөнүндө маалымат берген жок.
56 жаштагы саясат таануучу, профессор Марат Казакпаев 9-июнда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) абагынан ооруканага оор абалда которулган. Эсине келбей жатып 10-июнда көз жумган. Ал былтыр апрелде "мамлекетке чыккынчылык кылган" деген шек менен кармалган.
"Айыл Банк" ачык акционердик коомунун төрагасынын мурдагы орун басары, 44 жаштагы Бакыт Асанбаев 18-июнда түнкү саат бирге жакын атайын кызматтын тергөө абагында асынып турган абалда табылган. УКМКнын маалыматында ал коррупцияга шек саналып 30-апрелде камакка алынган.