Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2022

"Күйөөм төрт баламды бербей жатат". Жанын кыйгысы келген келиндин окуясы

0

Ошто Сулайман-Тоодон боюн таштоого аракет кылган келин бул жолго барууга эмне себеп болгонун түшүндүрдү.

Ал ажырашкандан кийин күйөөсү балдарын көрсөтпөй жатканын, буга чейин үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып келгенин айтып чыкты.

Күйөөсү бул дооматтарды четке кагууда. Буга чейин өз жанын кыюуга аракет кылган төрт баланын энесин милиция сактап калган видео социалдык тармактарга тараган.

Ош шаарында Сулайман-Тоодон боюн таштоого аракет кылган Айгерим Эмилбек кызы 28-июнда маалымат жыйын өткөрүп, окуянын чоо-жайын айтып берди. Анын айтымында, жарым жылдай мурда күйөөсү менен ажырашып, ошондон бери ал балдарын көрсөтпөй жатыптыр.

"Беш айдан бери балдарымды көрө элекмин. Кызым 1-класста окуйт. Мектептеги классынын эшигин ачып карасам күйөөм койгон сакчы жаап коет. Балдарымдын психологиясы дагы бузулуп бүттү. Бечара кызым биринчи партада отуруп мени карап алып ыйлап атат. Бирок мага чуркап келе албайт. Мен балдарды алып кеткени келген жокмун, жок дегенде кучактап алайын дедим. Кызым "апа, келбечи" деди. Жүрөгүм жаман болуп кетти. Мага таарынып калган го деп ойлодум. Көрсө атасы "апаңар менен көрүшсөңөр алыс жакка алып кетип калам, өмүр бою апаңарды көрө албайсыңар" деп айтат экен", - деди үй-бүлөлүк зомбулукка кабылдым деген келин.

Ал 17 жашында турмушка чыккан. Эки уул, эки кыздын энеси. Балдардын кичүүсү бир дарым, улуусу жети жашта. Жолдошу менен чогуу түтүн булаткан тогуз жылда кордук көрүп келгенин, анын айынан буга чейин дагы өз жанын кыюуга аракет жасаганын айтты.

"Эмнеге мен ушул убакка чейин чыдап жашадым? Буга чейин өзүм дагы башымдан көп нерсени өткөргөм. Ата-энем ажырашып кетип, ата-эненин орду кандай экенин билем. Атам менен катташпайм, апам Орусиянын жараны, ошол жакта жашайт. Мени турмушка таята-таенем узаткан. Тогуз жылда көп жолу жабыркап, башым чайкалганда, балдарымдын көзүнчө кол көтөргөн учурлар болгондо менин артымдан таятам чуркачу. Үч жыл мурда, акыркы жолу мени катуу уруп жандандыруу бөлүмүнө жатып калганда ал кишинин кан басымы көтөрүлүп, инсульт алды. Ошондон бери төшөктө жатат. Жөлөп-таяй турган жакыны төшөккө жатып калды деп аягандын ордуна "сенин кимиң бар эле, эмнең бар эле, сени ким карайт эле, сен менин аялымсың, өлтүрүп койсом дагы, кандай зомбулук көрсөтсөм дагы өзүм билем" деп мамиле кылчу. Айрымдар ошол зомбулукка чыдап койсо болмок деп ойлошу мүмкүн. Уруш болгон учурда ал кишиге барып алып "кызыңа кичине кол көтөрүп койсом чуркап келе бересиң, катынсың" деген намысына тийген сөздөрдү көп айтчу. Таенеме чейин урушуп, ортодо сый мамиле калбай калган. Бирок азыр ал нерселерди мойнуна албайт", - деди Айгерим.

Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып ажыраштым деген келин тогуз жыл аралыгында үч жолу оор абалда ооруканага түшкөнүн айтууда.

"Көп нерсеге чыдап эле жашадым. Тогуз жылда бир телефон алып берди. Бажыда иштейт, жакшы эле табат. Беш-алты жылда бир куртка, он жылда бир чокой кийсем деле чыдап жашадым. Өзүм эрке талтаң эмесин. Барды-жокту көрүп эле чоңойгом. Тогуз жыл аралыгында оорукананын жандандыруу бөлүмүнө үч жолу түштүм. Акыркысында суициддин айынан 14 саат өзүмө келбей комада жаттым. Ушул нерсе ортодогу жашообузга чекит койду".

Айгерим күйөөсү анын жолун тосуп, көп жерге иштетпей жатканын айтууда. Ишке орношкон жайлардын бардыгында жолдошунун атын айтып, маселе жаратпай кетип калуусун өтүнүшкөн.

"Бакча, мектептерде деле ушундай көрүнүш дейт", - Айгерим.

Жакында күйөөсү балдарга алимент төлөбөй жатканын айтып, Айгеримдин үстүнөн сотко кайрылганы дагы белгилүү болду.

Жактоочу Ислам Мамадалиев Айгерим Эмилбек кызынын зомбулук көргөнү боюнча арызы Административдик кодекс менен каралганын сынга алды. Ал балдарды көрсөтпөй жаткан учурлар боюнча аудио-видео материалдар бар экенин, күйөөсүнүн адвокаты чалып басым кылган учурулар болгонун айтып берди.

"Укук коргоо органдары Административдик кодекске жармашып алган. Сени сөгүп койду, уруп койду, психологиялык басым жасады. Бардыгы 177-беренеге туура келбейт, Административдик кодекске туура келип калат. Ал деген 5 миң сом айып. Уят эле да. Аялын бир-эки жолу уруп, денесине залал келтирет. Үчүнчүсүндө өлтүрөт. Бул өлтүргөнгө чейинки учурлардын бардыгы 5 миң сом айып. Адамдын өмүрү ушундай чечилип жатат. Кардарым айткандай үч жолу денесинен ар түрдүү зыян алып, милицияга кайрылган экен. Ошону негиз кылып биз майдын аягында Жалал-Абад шаардык прокуратурасына кайрылганбыз. Алар шаардык милицияга өткөрүп жатат. Бирок шаардык милициянын орун басары Бекзаттын досу экен, бул дагы таасирин тийгизип жатат деп эсептейбиз".

Айгеримдин күйөөсү Бекзат Рахматилаевдин экинчи турмушу экен. Биринчи аялынан бир кызы бар. Айгерим кайненеси аны "биринчи бүлөсүн бузуп келген" деп күнөөлөп жүргөнүн айтат.

"Азаттык" Бекзат менен байланышып, анын дагы пикирин укту. Ал Айгеримдин айткандарын четке кагып, жаманатты кылуу аракети деп түшүндүрдү. Балдарды энесине көрсөтүүгө каршы эмес экенин, бирок соттун чечимин күтүп жатканын билдирди.

"Көрсөтмөлөрү толугу менен жалган. Бирөөсүнө дагы дилил көрсөтө алган жок. Андай болушу мүмкүн эмес. Менде дагы эже-карындаш, кыздарым бар. Мен жакшы үй-бүлөдө тарбия алгам. Зомбулук тууралуу айткандары, андай болушу мүмкүн эмес. Балдарды көрсөтпөй жатат дегени дагы жалган. Балдарды көрүп эле жатат. Бакчага, мектепке барып көрүп эле жатыптыр. Биз 2014-жылдан 2022-жылдын 10-январына чейин чогуу жашадык. 10-январь күнү милиция кызматкерлери аны уурулукка айыптап кармап кетти. Өзү алты айдан бери бир дагы жолу баланы көрөйүн, ушул жерге алып кел деген жок. Үй жакка албетте келе албайт, анткени ал жерде уурулук кылып уят болуп кеткен. Энелик укук деген деле туура. Балдарды көрсөтпөй койгонго акым жок, көрсөтүшүм керек. Аны деле сот чечет да. Туура, бала эне менен болуш керек негизи, балдарды багыш керек. Ал адекваттуу, тарбия алган энеби, балдарга тарбия бере алабы? Ошол жагы маселе болуп жатпайбы. Анын уурулук, суицид фактылары далилденип жатпайбы. Макул, ошондой адамга баланы берсең эртең дагы өзүнө окшоп суцид кылбайт деп ким кепилдик берет. Же кыйналып кетип баланы сатып жиберсечи, балдарымдын кор болуп калбашына ким кепилдик бере алат?", - деди Айгеримдин күйөөсү.

Бекзаттын айтымында, алар расмий түрдө ажырашып, сот 27-июнда чечимин чыгарды. Ал эми балдарга байланыштуу маселе учурда сотто каралып жатат.

Айгерим ур-токмокко кабылганын айтып буга чейин дагы милицияга кайрылган экен. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев андан арыз келип түшкөнүн ырастады. Анын айтымында, уурулук боюнча иши сотко өткөн.

"Бир жолу ошондой арызды Аскер прокуратурасы Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө жиберген. Арызда "мен 2014-жылдан бери үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып келгем" деп жазылган. Ошол жылдары алган эски жараатын аныктай албайбыз да. Аны тергөөчүлөр түшүндүрдү. Үй-бүлөдөгү зомбулук, мамиле болсо сотко кайрылуу боюнча сунуштама берилген. Уурулук боюнча иш тергелип, сотко өткөн", - деди милициянын өкүлү.

Балдарын көрө албай жатканы боюнча Айгерим жана жактоочу буга чейин Жалал-Абад шаардык үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнө кайрылышкан. Бирок алар балдардын атасы макул болбой жатканын негиз кылып, сотко кайрылууга сунуш берген. Адвокат муну "эне-баланын кызыкчылыгын көздөбөгөн" кимдир бирөөнүн басымы менен чыгарылган чечим деп эсептеп жатат.

Аталган бөлүмдүн өкүлү Назгүл Жакыпова балдардан кабар алып жатканын "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, Айгерим Эмилбек кызы мурда-кийин зомбулук көргөнү тууралуу аларга кайрылган эмес.

"Эгер биз чече албаган маселени сот чечет. Ошондуктан сот карап жатат. Тергөө амалдары жүрүп жаткандыктан, балдардын психологиясын бузбаш үчүн кое туралы дедик. Алгач өзүнүн көйгөйүн чечип алсын, анан балдарга аракет кылсын дедик", - деди социалдык кызматкер.

Үй-бүлөлүк мамиле бузулуп, түгөйлөр ажырашкан учурда ортодо балдарды курал катары колдонгон учурлар арбын. Көп учурда бала менен үйдө отуруп, иштөөгө үлгүрбөгөн энелер балдарын ала албай калышат. Биздин каарман Айгерим Эмилбек кызы балдарын өзүнө алыш үчүн жашай турган жери жана балдарын бакканга жеткидей айлык акысын сотто көрсөтүшү керек. Азырынча иштеген жери жок, бирок кичинесинен баккан таенеси үйүн Айгеримге бергенин жактоочу билдирүүдө.

Күн алыс аялуу аялдардын тагдырына күбө болуп, алардын укугун коргоп келаткан "Сезим" кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова келиндин жагдайы тыкыр иликтенип чыгышы керек деп эсептейт.

Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып, балдарды көрө албай жатам деген келиндин жагдайын Акыйкатчы институту дагы көзөмөлгө алган.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда жылдан жылга үй-бүлөдөгү зомбулуктун саны өсүүдө. 2021-жылы 8405 үй-бүлөлүк зомбулук катталса, 2016-2018-жылдары бул сан 7000ден түшкөн эмес.

Статистика зомбулук тууралуу арыздардын дээрлик 90% же андан ашыгы сотко жетпей эле ар кандай жагдайда кыскарып кетерин көрсөткөн.

Эже-сиңдилер: Ажырашуу азабы: кыйналган балдар ("Азаттыктын" архиви, 2017-жыл)







Дивный новый мир цифровизации: в Москве пройдет Форум «Время цифры»

Выгодно ли покупать квартиру в новостройке?

Стоматолог Владимир Лосев: сколько времени нужно носить брекеты

Доктор Кутушов назвал болезни, которые поджидают отдыхающих у водоёмов


Доктор Кутушов назвал болезни, которые поджидают отдыхающих у водоёмов

Конференция «Общество и психическое здоровье» прошла в Ставрополе

Стоматолог Владимир Лосев: сколько времени нужно носить брекеты

Коллекция купальников Love Republic


Brentford B and Tiverton Town Friendlies Announced

When Narine asked Gambhir 'can I bring my girlfriend to IPL?'

Inside the mad Fenerbahce world Jose Mourinho is entering with rioting fans, players walking off and notorious hooligans

Where to find Real Madrid vs Dortmund on US TV: June 1, 2024


Муруджинские озера

Денис Сафин перевел 100 миллионов рублей в фонд помощи пострадавшим от паводка

ТСД SAOTRON RT-T50: высокопроизводительный терминал сбора данных промышленного класса

С 1 июня изменится схема движения на участке трассы Р-280 Новороссия в Ростовской области


Supercell выпустил игру Squad Busters на смартфоны

Четвёртое дополнение Age of Wonders 4: Eldritch Realms завершит первый цикл поддержки игры

Today's Wordle answer for Thursday, May 30

Конец близок в релизном трейлере Destiny 2: The Final Shape



Eurasianet: Азербайджан публично и цинично уничтожает армянское культурное и историческое наследие в Нагорном Карабахе

Преступления мигрантов с рынков азербайджанского олигарха Года Нисанова продолжают шокировать Москву

Дивный новый мир цифровизации: в Москве пройдет Форум «Время цифры»

Улыбка сделала слушателя «Юмор FM» миллионером


"Парни из стали": в Самаре завершился турнир по хоккею среди ветеранов СВО и боевых действий

Подмосковная «Единая Россия» поздравила юных жителей региона с Днем защиты детей

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» легально изготавливает армии и спецслужбы. 6 серия. СЕРЬЁЗНЫЙ НОВОСТНОЙ СЕРИАЛ.

Доктор Кутушов назвал болезни, которые поджидают отдыхающих у водоёмов


Рыбак Вороков победил в фестивале «Москва — на волне. Рыбная неделя»

Глава КамАЗа: проект «Москвича» показал, что китайские машины вообще не приспособлены к России

Многомиллионное наследство: что оставила после себя Заворотнюк

Экстренное предупреждение из-за надвигающейся грозы объявили в Москве


Синнер повторил уникальное достижение Джоковича и Надаля на турнирах «Большого шлема»

Не ходите, дети, в теннис: как Андре Агасси и Штеффи Граф подарили детям право выбора

Россиянин Котов уступил итальянцу Синнеру в третьем круге "Ролан Гаррос"

Пресс-служба WTA мемом отреагировала на тяжёлую победу Свёнтек над Осакой


Гимнастка Дина Аверина знала, что Игры дружбы перенесут

Муж Заворотнюк дал волю эмоциям на прощании с актрисой

В Подмосковье после реконструкции открыли спортивную площадку

Песков: Путин направил семье Чилингарова телеграмму с соболезнованиями


Музыкальные новости

Маленьким пациентам центра трансплантологии рассказали о тех, кто спасает их жизни каждый день

Трансляции концертов оркестра Бутмана в Китае посмотрели более 50 млн человек

«Ты кого здесь уму-разуму учить собрался? Берега не путай», — Киркоров получил претензию от Тимати

Ольга Бузова и Давид Манукян поцеловались спустя три года в шоу «Сокровища императора»


Eurasianet: Азербайджан публично и цинично уничтожает армянское культурное и историческое наследие в Нагорном Карабахе

Дивный новый мир цифровизации: в Москве пройдет Форум «Время цифры»

Преступления мигрантов с рынков азербайджанского олигарха Года Нисанова продолжают шокировать Москву

Улыбка сделала слушателя «Юмор FM» миллионером


Впервые Бурятский театр оперы и балета выступит с концертом в храме Кяхты

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» спасает население от борьбы с перенаселением, 5 серия, СЕРЬЁЗНЫЙ НОВОСТНОЙ СЕРИАЛ.

Уссурийский ЛРЗ расширяет форматы промышленных экскурсий на предприятие

Политолог Мезюхо: в США Байдена должны были судить наравне с Трампом


На МКАД в Москве частично пекрыли движение из-за массовой аварии

Дептранс: на закрытом участке метро Москвы работали 20 бесплатных автобусов

Движение поездов в Амурской области восстановлено по одному пути

Движение на ряде набережных и улиц в центре Москвы перекроют из-за забега 1 июня


Путин провел совещание с членами Совета безопасности России

Лучшие фото недели // Запоминающиеся кадры 27–31 мая

Руководство Краснодара посетило китайский Харбин. Рассказываем подробности

Лучшие фото за май // Запоминающиеся кадры месяца




Международный день защиты детей: дети с ревматическими болезнями

Первые звоночки и последствия: как живут и умирают люди с опухолью головного мозга

Подмосковный НИКИ детства провел онлайн-марафон «Бегом за здоровьем» 1 июня

С днем защиты детей росгвардейцы поздравили юных пациентов детской больницы в Москве


Зеленский: после «заморозки» конфликт опять вспыхнет


Фильм «Мой любимый чемпион» показали в павильоне «Роснефти» на ВДНХ в Москве

Певица Пелагея разделила имущество с бывшим мужем

Муж Заворотнюк дал волю эмоциям на прощании с актрисой

Дептранс Москвы раскрыл детали инцидента на станции метро "Спортивная"


Путин и Лукашенко обсудили парад в Минске

Путин и Лукашенко обсудили по телефону предстоящий саммит ШОС

БЕЛТА: Лукашенко и Путин обсудили представительство России на параде в Минске


Сергей Собянин посетил фестиваль «Москва — на волне. Рыбная неделя»

Сергей Собянин поздравил москвичей с Международным днем защиты детей

Собянин: 1 июня начнется фестиваль «Лето в Москве. Все на улицу!»

Собянин: Детский фестиваль искусств «Небо» станет праздником для всей семьи


Жителям Подмосковья рассказали о лесопожарной обстановке в регионе на 1–3 июня

Очень дорого: во сколько обходится владение электромобилем в крупных городах

Июнь в Москве начнется с аномально жаркой погоды

Портал «Малый бизнес Москвы» насчитывает более 200 тыс пользователей


Гимнастка Дина Аверина знала, что Игры дружбы перенесут

Иркутские конькобежцы – в сборной России

Заворотнюк похоронили в Москве рядом с народной артисткой Руслановой

В Подмосковье после реконструкции открыли спортивную площадку


XXXIII Церемония «Хрустальная Турандот» объявит победителей сезона 2023/2024

В Архангельске с рабочим визитом побывал «арктический» министр

ТСД промышленного класса Saotron RT-T60

В филиале фонда «Защитники Отечества» в Архангельской области подвели итоги первого года работы


ВТБ начал выдавать ипотеку на жилье в Крыму

Выставка-представление «Не просто город, а судьба, которой я не устаю гордиться!»

Литературно-музыкальный вечер «Песня как признание в любви»

Арт-знакомство «Искусство должно давать счастье и радость»


Мастер-классы и конкурсы прошли в парке Толстого в Химках

В Москве похоронили Анастасию Заворотнюк

Московские прогулки, ч.23

Где в России вводят запрет на продажу алкоголя 12 июня 2024 года














СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *