Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2022

13 жаштагы кыздын зордукталышы: сот жабык өттү

0
13 жаштагы кыздын зордукталышы: сот жабык өттү

12-июлда Бишкектин Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки милиция кызматкеринин жана мурда соттолгон бир адамдын үстүнөн териштирүү уланды. Буга чейин жабыркаган тараптын адвокаттары иш менен таанышууга убакыт сурашкан.

Бүгүнкү соттук териштирүүгө Омбудсмендин жана Балдар омбудсменинин өкулдөрү киргизилген жок.

Судья алардын киргизилбегенин, сотту жабык өткөрүү нормалары менен негиздеген.

Балдар Омбудсменинин өкүлү Гүлзина Бообекова сот аларды ушуну менен экинчи жолу жараянга киргизбей койгонун билдирди.

"Президенттин алдындагы балдар укугун коргоо уюмунун өкүлү катары биз сотко катышып, ага мониторинг жүргүзүүгө укуктуубуз. Бирок эки жараяндан бери сот "жараян жабык" деген негиз менен бизди катыштырбай келүүдө. Бүгүн да кире алган жокпуз. Бирок биз жабыркаган кыздын ата-энеси менен сүйлөшүп, алар менен иштеп жатабыз. Бул окуя Балдар омбудсмени Асел Чынбаеванын көзөмөлүндө".

Сот жабык өтүп, жараянга жабырлануучулар жактоочулары жана айыпталуучулар адвокаттары менен гана киргизилди. Бүгүнкү жараянда күбөлөр суралганын жабырлануучулардын адвокаты Тимур Султанов журналисттерге маалымдады.

"Бүгүн үч күбө суралды, бирөө келбей калганына байланыштуу сот процесси 13-июлга, саат 16:00го жылды. Айыпталуучулар күнөөсүн мойнуна албай турганын билдиришти. Ошондой эле бүгүнкү сот жараянында айыпталуучунун адвокаты соттук териштирүү аягына чыга электе бул иштин фигуранттарынын аты-жөнүн, сүрөттөрүн ачык жазып салган маалымат каражаттарын жана социалдык тармактарга жарыялаган адамдарды кылмыш жообуна тартууну судьядан өтүндү. Судья бул боюнча тапшырманы Ички иштер министрлигине тапшырмакчы болду".

Секелектин зордукталышы: сот алдындагы митинг

Акыркы соттук териштирүү буга чейин 8-июлда болгон. Анын маалында тышта укук коргоочулар, активисттер 13 жашар кызды зордуктоого айыпталып жаткандарды катуу жазалоону талап кылышкан.

Жараян өтүп жатканда сот имаратынын алдында балдарга жана аялдарга карата зордук-зомбулукту токтотуу талабын койгондордун нааразылык акциясы өткөн.

Сот алдындагы акцияга укук коргоочулар, жарандык активисттер катышып, колуна “Балдарыбыз үчүн коркуп жатабыз”, “Зомбулукту токтоткула!”, “Педофилияны токтоткула!” деген жазууларды кармап турушкан.

 

Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки милиция кызматкеринин жана мурда соттолгон бир кишинин соту жабык өтүп, ага журналисттер, жарандык коомдун жана Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү киргизилген эмес.

Адам укугун коргоо мекемесинин сот процессине мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Самат Калчабаевдин айтымында, судья Азиз Эшалиев Акыйкатчы институтунун өкүлүн "айыпталуучу тарап каршы" деген жүйө менен отурумга киргизген эмес.

"Биз бул боюнча судьянын үстүнөн акт түздүк. Эми соттордун ишин кароочу Тартип комиссиясына кайрылабыз. Кийинки отурумга катышууга да аракет кылабыз", - деди Калчабаев.

Жабырлануучу тараптын адвокаттары алмашканга байланыштуу отурумду жылдыруу өтүнүчү келтирилген. Сот алардын иш менен таанышып чыгуусуна уруксат берип, кийинки отурумду 12-июлга белгиледи.

Жабырлануучу тараптын жактоочуларынын коопсуздукка байланыштуу өтүнүчүнөн улам Свердлов райондук соту зордуктоонун курмандыгы болгон 13 жаштагы кызды жана анын жакындарын күнү-түнү кайтарууга чечим чыгарганы маалым болду.

Иш боюнча алгачкы отурум Свердлов райондук сотунда 14-июнда өткөн. Жабыркаган тараптын өкүлдөрү суралгандан бери отурум үч жолу башка күнгө жылдырылган.

Акцияга катышып жаткан укук коргоочулар Кыргызстанда балдарды коргоо жаатында иштер жакшы жүрбөй жатканын айтууда.

Алардын бири Гүлсара Мадеминова мындай зордук-зомбулукка коом жапырт каршы болгондо абал оңолот деген пикирде.

"Зордук-зомбулук окуяларын күн сайын окуп, угуп атабыз. 13 жашар кыздын зордукталышы жүрөгүбүздү оорутту. Баарыбызда бала бар, менде да кыз бар. Алардын тынч, коопсуз коомдо жашоосуна тилектешпиз. Бул коом деген, эл деген чоң күч, эгер өзүнүн күчүн билсе. Ал үчүн көзү көр, кулагы дүлөй, тили дудук болбостон, кимде эгер жүрөгү бар болсо, ал үнүн бийик чыгарып айтсын. Биз көпчүлүкпүз. Коопсуз жашоону каалаган адамдар көпчүлүк экенбизди, кордолгондорду коргой ала турган эл бар экенин айта турган, көрсөтө турган учур келди".

"Президенттин кабыл алуусун өтүнөбүз"

Балдардын укугун коргоо лигасынын төрайымы Назгүл Турдубекова соңку окуялардан улам өлкөдө укук коргоо органдары, сот системасы жана социалдык коргоо тармагы иштебей жатат деген ойдо. Ошол себептүү ал бир жумадан бери укук коргоочуларды, активисттерди кабыл алуусун өтүнүп, президентке кайрылып жатканын билдирди.

"Адис катары айтайын, бизде баладарга кантип коргонууну үйрөткөн адистер болмоюнча, абал өзгөрбөйт. Сотторду көзөмөлдөгөн системанын алсыздыгынан судьялар балдарга, аялдарга каршы чечимдерди чыгарып жатышат. Бизде балдарды жана аялдарды зордуктоо, өлтүрүү боюнча мынчалык көп фактылар болгон эмес. Статистиканы карап көрсөңөр, соңку убакта бул көрсөткүч 70 пайызга көбөйдү".

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев 7-июлда Фейсбуктагы баракчасында 13 жашар кыздын зордукталышы боюнча пикирин жазып, мамлекет башчы Садыр Жапаров балдарга карата зомбулукту кескин сындай турганын билдирген.

"Президент Жапаров мындай терс көрүнүштөрдү, айрыкча балдарга карата мындай мамилени кескин сындайт. Мамлекет жашы жете электерге, балдарга карата зомбулукка жол бербөө багытында өз тарабынан бардык аракеттерди мындан ары да көрөт", - деп жазган Султанбаев.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 5-июлда Бишкекте журналист, блогер жана социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары менен жолугушуу учурунда 13 жаштагы кыздын зордукталышы, күч органдарынын реформасы жөнүндө “Азаттыктын” суроосуна төмөнкүдөй жооп кайтарган.

“Милициялардын арасында дагы жанагындай айбандар болот экен. Илгери өлүм жазасын алып, демократиялык өлкө бололу дегенде каршы болуп Аскар Акаевге кайрылгам. Мындай нерселер кечиримсиз болушу керек”.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев балдарды зордуктоого каршы мыйзам долбоорун даярдап жатканын Фейсбукка жазды. Анда соттолгон педофилдерге мунапыс бербөө, кылмыштын эскирүү мөөнөтүн алып салуу жана өмүр бою эркинен ажыратуу сыяктуу чаралар каралганын белгилеген.

 

13 жаштагы кызга жардам чогултулууда

Жарандык активисттер ал арада зордуктоодон жабыр тарткан 13 жаштагы кызга жардам чогулта баштады.

Бул демилгени көтөрүп чыккан жарандык активист жана белгилүү алып баруучу Эркин Рыскулбеков социалдык түйүндөрдөгү баракчаларынан кызга жардам берүүгө чакырган. Акция жарыяланган алгачкы төрт саат ичинде 75 миң сом чогулду.

“Кыздын атасы эмгек миграциясынан жаңы кайтып, учурда жумушсуз. Апасынын ден соолугу начарлап баратат (боору ооруйт). Кызыбызга күчтүү психологиялык колдоо жана узак реабилитация зарыл. Учурда ар бир сом чоң жардам бологону турат”, - деген Рыскулбеков.

2-июлда “Азаттык” милиция кызматкерлери секелекти зордуктоого шек саналып жатканы жөнүндө "Кызымды колдон колго өткөрүшкөн" деген макала жарыялаган.

Анда Бишкектин Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки милиционердин жана мурда соттолгон бир адамдын үстүнөн териштирүү жүрүп жатканы, ушул эле иш боюнча Биринчи Май райондук милициясы да бир кишинин ишин тергеп жатканы баяндалган. Кыздын ата-энеси айыптуулар жоопкерчиликтен кутулуп кетпейби деп кооптонууда.

Зордуктоого шек саналгандарды бошоткон судья кызматтан кетти

Бул арада Бишкектин Свердлов райондук сотунун 16 жаштагы кызды зордуктоого шек саналгандарды бошоткон судьясы Жаналы Батырбеков өз каалоосу менен кызматын тапшырганы белгилүү болду.

Жогорку соттун басма сөз кызматы тараткан маалыматта судья сот бийлигинин кадыр-баркына көлөкө түшүргөнү үчүн жумуштан кетүүнү чечкени айтылат.

Соттун билдирүүсүндө өспүрүмдү зордуктоого шектүүлөр бошотулганы жөнүндө кабар маалымат каражаттарына чыгары менен Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков иштин чоо-жайы менен таанышып, судьянын аракетинен өспүрүмдүн укугу тебеленген деп тааныганы белгиленген.

Буга чейин укук коргоочу Назгүл Турдубекова Свердлов райондук сотунун судьясы Жаналы Батырбеков 16 жаштагы кызды мыкаачылык менен зордуктоого шектүү эки кишинин бөгөт чарасын өзгөртүп, эч жакка кетпөө тилкаты менен бошотуп жибергенин кабарлаган болчу.







Социальные и ESG-проекты ГПМ Радио названы лучшими в России

Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!

Автопробег в честь Дня России прошел в Ленинском округе

«Школа вожатых» прошла в школе №7 в Реутове


Proenza Schouler Pre-Fall 2024

Как существовала платная стоматология в СССР — стране бесплатной медицины

Скидки по поводу и без от Mirihi Island Resort

Завершилась первая цикловая встреча региональных руководителей компании AlfaBiom


Max free trial returns just in time for House of the Dragon season 2 this week

Creepy King Charles Painting Is Vandalized by Radical Animal Rights Activists, Gets a Cartoon Face and Speech Balloon!

Kai Havertz’s fiancee Sophia stuns in see-through outfit on hen weekend as fans say Arsenal star is ‘so lucky’

McDonald's Grimace showed Mets fans what happens when something goes right this season


Жители Екатеринбурга в День России вывесили баннеры против точечной застройки

Новая технология моделирования ДНК ускорит биомедицинские исследования

Больше функций для комфорта: беспроводные клавиатуры Fstyler FBK26C AS, FBK27C AS и FBK36C AS от A4Tech

Северные ночи...


MMORPG Tarisland выпустили в Китае раньше времени

Моя Говорящая Кошка 3.2

Состоялся релиз The Case of the Golden Idol на iOS и Android

Life is Strange: Double Exposure продолжит историю Макс Колфилд



В Дубне сотрудники Росгвардии помогли утиному семейству перейти оживленную трассу

Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!

Социальные и ESG-проекты ГПМ Радио названы лучшими в России

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: С начала года более 4,7 тысячи жителей Московского региона оформили страховую пенсию в автоматическом режиме на портале госуслуг


Клиентки агентства Maryway рассказали, как их вынудили взять кредиты

На видео попал курьер, который в Москве плывет по лужам, чтобы доставить заказ

"Спартак" проведет первый летний сбор на базах в Тарасовке и в Тушине

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде


В центральных и ряде других регионов России прогнозируют новые грозовые ливни в выходные

ООО «Водомер» стал победителем в номинации «Знак высокого доверия»

Еще свыше 30 жителей Подмосковья стали донорами крови

Свыше 550 тысяч москвичей регулярно занимаются плаванием


Блинкова вылетела с турнира WTA в Хертогенбосхе

Хачанов вылетел с турнира ATP в Хертогенбосхе после первого же матча

Медведев, Кафельников, Федерер, Маррей, Роддик, Агасси поздравили Синнера со статусом первой ракетки мира

Испанский теннисист Надаль не сыграет на Уимблдоне


Реконструкцию парада физкультурников покажут на mos.ru днем 14 июня

В центральных и ряде других регионов России прогнозируют новые грозовые ливни в выходные

Еще свыше 30 жителей Подмосковья стали донорами крови

Директор Росгвардии генерал армии Виктор Золотов принял участие в посвященных 100-летию дивизии имени Ф.Э. Дзержинского торжественных мероприятиях


Музыкальные новости

Цискаридзе впервые высказался о Волочковой

Массовое выступление гитаристов с песней Цоя «Группа крови» планируется в Чите

Цискаридзе заявил, что вывел на сцену Волочкову и способствовал ее славе

В Москве при участии Бутмана отрылся джазовый фестиваль


Социальные и ESG-проекты ГПМ Радио названы лучшими в России

Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!

В Московской области сотрудники Росгвардии задержали подозреваемого в краже электроинструментов

В Дубне сотрудники Росгвардии помогли утиному семейству перейти оживленную трассу


В «Институте регионального развития» при Уральской ТПП прошел семинар «Возможности оптимизации налогов для производства и налоговые риски»

Новинки для пляжа от belle you: купальники Splashes для яркого лета

Кинофестиваль «Движение по вертикали» памяти Станислава Говорухина пройдет в Тульской области

Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!


Автоинспекторы нашли пистолет с патронами у пассажира такси в центре Москвы

В Московской области сотрудники Росгвардии задержали граждан, подозреваемых в совершении грабежа

В ЦДКЖ 18 августа ждут любителей группы «Рекорд Оркестр» на Квартирнике Евгения Маргулиса

Расписание движения пригородных поездов СЗППК изменится с 11 по 12 июня 2024 года


Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!

Путин: Москва поддерживает идею о разработке хартии многообразия в XXI веке

Путин обсудил с и. о. президента Ирана взаимодействие внутри БРИКС

Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: признание Нато надо применить!




Около 100 сотрудников подмосковного главка Росгвардии приняли участие в донорской акции «От сердца к сердцу»

Серию летних мастер-классов проведет сводный хор «Московского долголетия»

Завершилась первая цикловая встреча региональных руководителей компании AlfaBiom

Более 100 литров крови сдали ЕР и МГЕР Подмосковья во Всемирный день донора


Почему Зеленский не убедил саудовского принца, кража денег РФ, что готовят против России на саммите НАТО: обзор мировой политики 13 июня

Зеленский: США передадут Киеву новые ЗРК Patriot и «эскадрильи истребителей»

США обязаны передать Киеву "эскадрильи истребителей", заявил Зеленский


В Москве тушат пожар в здании у метро «Динамо»

«Этот спорт воспитывает силу и упорство»: Вице-спикер Народного Хурала Бурятии приняла участие в открытии чемпионата России по гиревому спорту

ЕВРО-2024: большой футбол ждет слушателей «Авторадио»

Площадь пожара в здании у метро «Динамо» в Москве составляет 400 квадратов


Видео: Истерика в Ереване: Пашинян против Лукашенко

МИД Белоруссии назвал слова Пашиняна о Лукашенко "недальновидной позицией"

Белорусский дипломат оценил непомерные претензии Пашиняна к Лукашенко

«Скоро бросится на Путина»: американский пудель Пашинян прыгнул на Батьку


Созданный нейросетью Собянин выманил у заслуженного врача РФ 4 млн рублей

Собянин: Более пяти тысяч семей в СВАО получили новые квартиры по реновации

Собянин: выборы в Мосгордуму будут серьезным экзаменом

Собянин сообщил об открытии «Домиков добра» для сбора гуманитарной помощи


Составлен ТОП-3 регионов-лидеров по числу пунктов приема вторсырья

Зарядные станции для электрокаров в некоторых регионах России станут обязательными - закон

РЭО назвал топ-3 регионов по количеству пунктов приема вторсырья

Призыв лидера движения «Всеармянский фронт» оказать помощь пострадавшим после наводнения


Директор Росгвардии генерал армии Виктор Золотов принял участие в посвященных 100-летию дивизии имени Ф.Э. Дзержинского торжественных мероприятиях

На М-4 «Дон» для автомобилистов работала станция «Устал — отдохни»

Свыше 550 тысяч москвичей регулярно занимаются плаванием

Реконструкцию парада физкультурников покажут на mos.ru днем 14 июня


Стало известны победили в шоу "Сокровища императора"

30 лет назад в Архангельске открылась первая на Северо-Западе школа «Диабет»

АО «Транснефть - Север» оказало благотворительную помощь детскому саду в Архангельской области

Более 1500 участников отрядов Поморья отправятся в юбилейное трудовое лето


Музыкально-поэтический вечер «Жизнь не кончена, песня не спета»

В Нижнегорском районе Крыма проведен рейд по бывшим мигрантам

Выступлением самарских артистов в Крыму открылся масштабный Фестиваль, посвященный 225-летию со дня рождения А.С. Пушкина

В Крыму хотят создать профессиональную хоккейную команду


Директор Росгвардии генерал армии Виктор Золотов принял участие в посвященных 100-летию дивизии имени Ф.Э. Дзержинского торжественных мероприятиях

На М-4 «Дон» для автомобилистов работала станция «Устал — отдохни»

В центральных и ряде других регионов России прогнозируют новые грозовые ливни в выходные

ООО «Водомер» стал победителем в номинации «Знак высокого доверия»














СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *