13 жаштагы кызга байланыштуу соттук териштирүүлөр уланды
Милиция кызматкерлери баш болгон бир катар адамдар тарабынан узак убакыт бою зордукталып келген 13 жаштагы кызга байланыштуу териштирүү Бишкектин Свердлов райондук сотунда уланды, бирок, көрсөтмө берүүгө күбө катары чакырылган эксперттер келбегендиктен сот 28-июлга жылдырылды.
Ушул эле окуяга байланыштуу дагы бир отурум Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бүгүн уланып, ал жерде 13 жаштагы кыз психологдун катышуусунда көрсөтмө берди. Сот мындан аркы соттук жараяндарга кызды катыштырбай турган чечии кабыл алды. Эми мындан аркы отурумдарга кыздын ордуна анын мыйзамдуу өкүлдөрү катышмакчы.
Акыркы соттук териштирүү Свердлов райондук сотунда 12-июлда өткөн. Ага чейин жабыркаган тараптын адвокаттары иш менен таанышууга убакыт сурашкан. Коомдо ири резонанс жаратып, аялдардын жана балдардын бузулуп жаткан укуктары тууралуу талкууну күчөткөн ал күнкү соттук териштирүүгө эки институттун - Омбудсмендин жана Балдар омбудсменинин өкулдөрү киргизилген эмес. Судья алардын киргизилбегенин жана сотту жабык өткөрүп жатканын мыйзамдардагы нормалар менен негиздеген.
Бул окуяга байланыштуу Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын эки орун басарына сөгүш берилгенин ички иштер министри Улан Ниязбеков 18-июлда маалымат жыйынында билдирген.
5-июлда "Кылым шамы" бейөкмөт уюму Ички иштер министрлигинин алдына 13 жаштагы кыздын укугуна байланыштуу пикет уюштуруп, ага катышкан активисттер жана укук коргоочулар Улан Ниязбековдун кызматтан кетишин талап кылышкан. Алар Ниязбеков ишке келгенден бери адам укуктары, өзгөчө кыз-келиндер менен балдардын укуктары тебеленген учурлар арбыганын белгилеген.
Ошол эле маалда министр өз маалымат жыйынында былтыркыга караганда үй-бүлөдөгү зомбулуктун саны азайганын билдирген.
2-июлда “Азаттык” милиция кызматкерлери жашы жетелек кызды зордуктоого шек саналып жатканын жазган. Кылмыш иштин алкагында милициянын эки кызматкери жана эки жаран айыпталууда.
Бул окуяга президент жана Министрлер кабинетинин төрагасы да пикирин билдирип, айыпташкан. Бириккен Улуттар Уюму баш болгон бир катар эл аралык уюмдар Кыргызстанда зордук-зомбулук күчөп жатканын белгилешкен. (КО)