Быйыл март айында Кочкор районунда курулушу башталган Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолунун үч чакырымы курулду. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн басма сөз жыйынында транспорт жана коммуникация министри Эркинбек Осоев кабарлады.
29-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламентте маалымат берип жатып Балыкчы-Кочкор темир жолунун беш чакырымы курулганын, аны толук куруп бүтүрүү үчүн учурда инвестор изделип жатканын айткан.
Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз катчысы Кылычбек Досумбетов министр Осоевдин маалыматын ырастады. Ал жалпы узундугу 63 чакырым деп пландалган жолдун алгачкы беш чакырымы быйыл жыл соңуна чейин курулары каралганын айтты. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров темир жолдун беш чакырымы жыл аягына чейин курулары тууралуу маалымат бергенин белгиледи.
Темир жолдун курулушуна байланыштуу “Балыкчы” станциясында өткөн салтанаттуу иш-чарага президент Садыр Жапаров катышып, "жаңы темир жол түйүнүнүн пайдубалы түзүлүп жатканын, жол өлкө келечеги үчүн зор мааниге ээ экенин" белгилеген.
"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы жүзөгө ашырып жаткан "Балыкчы–Кочкор–Кара–Кече" (186 чакырым) темир жол долбоору 2030-жылга чейин аяктай турганы, ага кошумча инвестиция тартылбастан, өлкөнүн өз каражаты жумшалары айтылган.
Биринчи этабында 63 чакырымдык Балыкчы–Кочкор тилкесин куруу пландалып жатканы маалымдалган. (BCh)
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
В Московском регионе более 62 тысяч семей распорядились материнским капиталом через банки
В Подмосковье сотрудники Росгвардии спасли пожилого мужчину, который оказался один дома и плохо себя почувствовал
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
С начала года более 4,7 тысячи жителей Московского региона оформили страховую пенсию в автоматическом режиме на портале госуслуг
За один день работники Уссурийского ЛРЗ и их дети выполнили сменно-суточное задание по ремонту 129 паровозиков
Яндекс, А.С. Пушкин, Святой Ленин ведут следствие. Настоящая сенсация! 225 лет А.С. Пушкину.
За один день работники Уссурийского ЛРЗ и их дети выполнили сменно-суточное задание по ремонту 129 паровозиков
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
С начала года более 4,7 тысячи жителей Московского региона оформили страховую пенсию в автоматическом режиме на портале госуслуг
Россия сумела очень дешево обнулить $2 трлн расходов США и 3 десятилетия трудов по развертыванию защиты от русской угрозы