Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2022

Миграция: мээримге зар болгон, кордолгон балалык

0
Миграция: мээримге зар болгон, кордолгон балалык

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги эмгек мигранттарынын балдарынын укугун коргоо максатында үймө-үй текшерүү жүргүзүп, натыйжада дээрлик 5,5 миң бала эч кандай туугандык байланышы жок адамдардын колунда жашап жатканын аныктады.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев 25-июлдагы маалымат жыйынында, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте өлкө боюнча 476 681 үйдү текшерип, ата-энеси миграцияда жүргөн жүз миңден ашуун бала аныкталганын айтты.

"Алардын ичинен 79 805 баланын ата-энеси чет мамлекеттерге чыгып кетишкен, калгандары Кыргызстандын ичинде экени аныкталды",- деди министр.

Расмий маалыматтарда айтылган 100 174 баланын ата-энесинин экөө тең, же бирөөсү чет жакта эмгек миграциясында.

"Балдар менен сүйлөшкөндө көздөрүнө жаш айланат"

2019-жылы Кыргызстанда 277 миң баланын атасы же энеси чет жакта иштеп жүргөнү аныкталса, алардын ичинен 119 миң баланын ата-энесинин экөө тең эмгек миграциясына кеткени кабарланган. Министрликтин маалыматында соңку үч жылда бул сан дээрлик 2,5 эсеге азайганы айтылат. Бирок мигранттардын үй-бүлөлөрү менен түздөн-түз иш алып барган адистер тескерисинче, айрым аймактарда кайра көбөйгөнүн айтып жатышат.

"Мен мектепте 40 жыл иштеген болсом, анын ичинен 10 жылдан ашык соцпедагог болуп иштедим. Ата-энеси миграцияга кетип, туугандарынын колунда калган балдар кийинки убактарда көбөйдү. "Тиричилигибизди оңдойбуз" деген максатта чет жактарга иштегени кеткендер балдарын көбүнчө чоң ата, чоң энесине, же таята, таенелерине калтырат. Жакын туугандарына табыштап кеткендери бар. Албетте, мээримин төгүп, жакшы карагандары да бар. Тилекке каршы, балдарды жумушчу күч катары пайдаланган жакындары да жок эмес. Мен соцпедагог катары мигранттардын балдары менен сүйлөшүп, анкета толтуруп, аны-муну сураган учурумда кыз болобу, эркек бала болобу, чоң класстардын окуучулары деле көздөрүнө жаш айланып, ыйламсырашат. "Акчасынын деле кереги жок эле, атам-апам келип, чогуу жашасак жакшы эле" деп өксүшөт",-дейт Ноокат районундагы мектептердин биринде соцпедагог болуп иштеген Гүлбара Гулматова.

Анын айтымында, миграция жана ажырашуунун кесепети балдардын бүгүнкү дагы, эртеңки да тагдыры үчүн оор сокку урууда.

"Атасы менен апасы ажырашып, апасын ээрчип таятасынын үйүнө келет. Апасы аларды таята, таенесине таштап, Орусияга ишке кетет. Көп өтпөй ал жактан күйөөгө тийет, бирок балдарын алып кетишпейт. Атасына барайын десе, анын да өз турмушу бар. Айласы жок ызасын жутуп, кыйналып жүрүп, чөгүп кеткен балдар да болууда. Ата-энесинин мээримине тойбогон кыздар эрте жаштан эле башкалардан мээрим издеп, сүйүүгө кабылууда. Бизде бир баланын атасынын көзү өтүп, апасы күйөөгө тийип кеткен. Таята, таенесинин да көзү өтүп кеткен. Анан ал таякеси менен тажеңесинин колунда калды. Баланы абдан жупуну кийинтип, сапатсыз кийимдерди алып берерин байкап жүрөм. Колунда жокпу дейин десем, ошол эле таякесинин башка класстагы балдары кымбат кийимдерди кийип жүрөт. Биз андай балдардын өздөрү жана туугандары менен көбүрөөк сүйлөшүп, жолугуп турганга аракет кылабыз".

Көз жаздымда калган чоң коркунуч: зомбулук, суицид

Азыркы тапта Бишкектин Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки милиция кызматкеринин жана мурда соттолгон бир адамдын, дагы бир кишинин (жалпы төртөө) үстүнөн териштирүү жүрүүдө. Секелек кыз зордукталган учурда атасы Орусияда иштеп жүрсө, апасы боору ооруп, улам ооруканага жатып, дарыланып жүргөнү айтылган. Бул окуя коомдогу курч реакцияларды жаратып, сот өтүп жаткан маалда имараттын сыртында укук коргоочулар, активисттер айыпталгандарды катуу жазалоону талап кылышты.

Ата-энеси туугандарынын, же тааныштарынын камкордугуна таштап кеткен мигранттардын балдары психикалык жана сексуалдык зомбулукка кабылып, ур-токмоктон каза таап калган учурлардын буга чейин бир нечеси ачыкка чыккан.

ЮНИСЕФтин маалыматына караганда, Кыргызстанда ар бир төртүнчү бала жетишпеген турмушта жашап, бала чагынан оор жумуштарды жасоого аргасыз (Улуттук статистика комитетинин эсеби боюнча, учурда Кыргызстанда 2,5 миллиондон ашык 18 жашка чейинки бала бар). 14 жашка чейинки балдардын 70% зомбулуктун ар кайсы түрүнөн жапа чегип келет. ЮНИСЕФ балдар фондунун 2018-жылкы иликтөөсүндө өлкөдө 280 миңдей бала ата-эненин көзөмөлү жок, камкордуктан тышкары өсүп жатканы айтылган.

Эки жыл мурунку жүргүзүлгөн иликтөөдө суицидге барган өспүрүмдөрдүн көпчүлүгү мигранттардын балдары экени белгилүү болгон дейт мигранттардын балдарынын укугун коргоп жүргөн активист Зейнеп Эшмуратова.

"Пандемия маалында биз өз жанын кыйган өспүрүм балдардын өлүмүн иликтедик. Он беш чакты бала өмүрүн кыйса, дээрлик баары мигранттардын балдары болуп чыкты".

Эшмуратова балдар менен иштеген мамлекеттик органдарды күчтөндүрбөсө, көйгөй жылдан жылга курчуп баратканын белгиледи.

“Бүгүнкү күнү мигранттардын балдары аябай оор абалда. Алардын тамагы белен, кийими бүтүн болгону менен, ата-эне мээриминен, тарбиясынан өксүк болуп жатышат. Алысыраак туугандарынын же жатак мектептерге калтырылган балдардын укугун ким талашат? Мамлекет! Балдар менен иштеген мамлекеттик органдар! Ошондуктан, алардын ишин күчтөндүрүү керек. Социалдык кызматкерлердин макамын жогорулатып, ыйгарым укуктарын кеңейтүү абзел. Балдарга зомбулукту алдын алуу үчүн жер-жерлердеги бийликке жоопкерчилик жүктөлүшү керек. Мисалы, айыл аймактардын кызматкерлерине, мектептеги жооптуу мугалимдерге тапшырма берилип, алар ошол аймактагы балдарды карап, пландуу иш жүргүзүүгө тийиш".

Ички иштер министрлиги Кыргызстанда 2022-жылдын алгачкы 1,5 айында эле балдарга карата зомбулук былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу дээрлик 48% көбөйгөнүн маалымдаган. Жашы жете электерге зомбулук көрсөткөндөрдүн 60% ашыгы өзүнүн үй-бүлө мүчөлөрү болсо, калганы бейтааныш адамдар. Көчөт кыздарды зордуктоо фактысы жалпы зомбулуктун 30% ашыгын түзөт.

Өкмөттүк чаралар

Акыркы жылдары жергиликтүү бийлик өкүлдөрү мектеп мугалимдери менен чогуу мигранттардын балдарын тактоо, алардын жашоо-шарттары менен таанышуу милдетин алган.

"Биз жыл сайын бир нече жолу кайсы үйдө мигранттын балдары бар, алар үй ээлерине кандайча туугандыгы бар, эгер мигранттын кызы болсо, ал үйдө аны менен чогуу жашаган эркектерди өзүнчө тизмектеп, паспортторунун көчүрмөлөрүн алып, толук маалымат чогултканбыз. Бул маалыматтар жыл сайын алмашып турат. Анткени айрым балдарды ата-энелери алып кетет, кээ бир үйлөргө тескерисинче, дагы жаңы мигрант балдар келишет дегендей. Бир нече жолу барып, балдарга мамиле жана башкаларына көзөмөл кылып турабыз",- деди Кара-Суу районундагы мектептердин биринде соцпедагог болуп иштеген Элмира Алматова.

2020-жылы ошол кезде эмгек жана социалдык өнүгүү министри болуп турган Улукбек Кочкоров парламент жыйынында, Кыргызстанда бүгүнкү күндө чет жакка мигрант болуп кеткендердин алты миңдей баласы аларга эч кандай тууганчылыгы жок адамдардын колунда жашап жатканын билдирген.

​"Таштап коюп эле кетип калып жатышат. 106 миң баланын 5600ү эч тууганчылыгы жок адамдарга – кошунасына, классташына же башкаларга калтырылган. Балдардын укуктарын коргойлу десек, аларга 1-июнда балмуздак алып бербестен, системалуу түрдө жер-жерлерде укуктарын коргой турган кызматтарды түзүшүбүз зарыл. 106 миң баланын ичинен төрт бала биз каттоого алгандан кийин үй-бүлөлүк зомбулуктан каза болду. Мисалы, Кара-Сууда 57 миң балага бир кызматкер. Ал кайсы бирине жетишет?",- деген эле Кочкоров.

Дагы бир чара катары Жогорку Кеңеш жайкы эс алууга кетердин алдында кабыл алган Балдар кодекси тууралуу мыйзам долбоорун айтса болот. Анда ата-энелердин жоопкерчилиги, баланы социалдык коргоонун механизмдери, жардамга муктаж балдарды аныктап, карап туруу жолдору күчөтүлгөн.

Ошондой эле балдарын туугандарга же тааныштарга калтырып, сыртка миграцияга чыгып бараткан ата-энелерден баланы убактылуу кароого бир тарапка расмий ишеним кат толтурууга милдеттендирүү жобосу киргизилген. Үч жашка чейин балдарды чоочун адамдарга таштоого тыюу салынып, тиешелүү административдик чаралар каралган.

Макаланын аудиосун бул жерден угуңуз:

Миграцияга мажбурлаган жакырчылык

Кыргызстанда жакырчылыктын айынан жумуш издеп, чет мамлекеттерге чыгып кеткен жарандардын саны миллиондон ашык деп айтылып жүрөт.

Кыргызстанда жакырчылык деңгээли региондо жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен эң жогору бойдон калууда. Кыргызстандын калкынын үчтөн экиси дагы эле айылда жашайт. 2020-жылы 1 млн. 678 миң киши жакырчылык чегинен төмөн деңгээлде болгон, мунун 73,7% – элеттиктер. Миграциянын күчтүү агымы дагы өлкөнүн элет жеринде.

Маектешибиз Жайнагүл эки кызын чоң энесине калтырып, Москвага иштегени кеткен учурларын эстесе азыр да көзүнө жаш тегеренет.

"Азыр ойлосом, аябай жаман болуп кетем. Менин эки кызым чоң энесинин колунда калышты. Кичүүсү ошондо 8 айлык эле. Атасы экөөбүз Москвада иштеп, аларды толук камсыздап, үй-жай кылып алалы деген максатта иштеп жүрдүк. Бирок алар түшүмө киргенде көзүмө акча да, байлык да көрүнбөй, аябай кыйналып, кадимкидей ооруп калчумун. Сүрөттөрүн көрүп, видео аркылуу сүйлөшүп турсак да, ортодогу сагыныч, куса таркабайт. Түндө жатып алып, күйөөмө билдирбей, ыйлап жүрдүм".

Жайнагүлдүн айтымында, балдарды туугандарга таштап, чет жакка кетүү ата-эне үчүн эң оор жана аргасыз чечим. Акыркы жылдары мигранттардын арасында балдарын өздөрү менен кошо алып кеткен же тескерисинче, чет жактардагы жумушун жыйнаштырып коюп, балдарына келе берген ата-энелер да бар.

"Балдарды туугандарга калтырып, чет өлкөгө иштеп кетүү ата-энеге да оор. Балаң жер тепкилеп ыйлап, ээрчигенде дүйнөң аңтарылып, өзүңдү коерго жер таппай каласың. Байкуш балдарым асмандагы учакты көрсө деле, сыртка машине келип токтосо эле, "атам-апам келиштиби" деп чуркап, үмүт менен күн санап жүрүшкөнүн укканда не кылышты билбей, ыйлачу элем. Биз миграцияда жүргөн учурда улуу кызым мектепке барды. Ал мага "апа, бизде Жаңы жыл майрамы болду, тиги кыздын апасы келди, чачын өрүп берди, шоколад сатып берди, сиз дагы келиңизчи" деп айтканы жүрөгүмдү тилип жиберчү. Аягында баарын жыйыштырып, "тирилигим өтпөсө койсун, балдарымдын жанында болоюн" деп келе бердим. Өлбөгөн оокат бул жакта деле өтүп жатат. Баланы бизге жараткан аманат кылып берет экен, аларга кам көрүш да биздин милдет".

Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинин ички дүң өнүмүнүн 35% сыртта жүргөн мигранттар которгон акча түзөт. Улуттук банктын маалыматына караганда, 2021-жылда чет өлкөдө иштеп жүргөн мекендештер Кыргызстанга 2,7 млрд. доллардан ашуун каражат которгон. Кыргызстан мигранттардын жиберген акчасына көз каранды өлкө экенин бийлик деле моюнга алат.

Бирок миграция кеспетинин масштабын азыр толук аңдап сезе элек сыяктуу...







Яндекс, А.С. Пушкин, Святой Ленин ведут следствие. Настоящая сенсация! 225 лет А.С. Пушкину.

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: С начала года более 4,7 тысячи жителей Московского региона оформили страховую пенсию в автоматическом режиме на портале госуслуг

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: В Московском регионе более 62 тысяч семей распорядились материнским капиталом через банки

За один день работники Уссурийского ЛРЗ и их дети выполнили сменно-суточное задание по ремонту 129 паровозиков


Работник СЛД «Чита» филиала «Забайкальский» ООО «ЛокоТех-Сервис» принял участие в экологической акции по очистке берега и дна озера Кенон

Красноярский музыкальный театр представил проект театральной экосистемы будущего

Областная наркологическая больница запускает летнюю профилактическую кампанию для юных свердловчан

Befree запускает сайт для поиска талантов


Discover Tintex: A Hub for Premium Car Care and Customization

LeelooDolls: Revolutionizing the Sex Doll Industry

Andy Murray cracks brutal joke as Brit star’s Wimbledon preparations are disrupted by bizarre injury 

A Deep Dive into Realistic Doll Manufacturers


Портативный ТСД корпоративного класса Saotron RT-T70

Работать там, где удобно: беспроводная гарнитура Fstyler BH230 от A4Tech

В Орловской области 13-летний мотоциклист сбил женщину

Сотрудники военных следственных органов Следственного комитета России по всей стране оказывают помощь подшефным детским учреждениям


How to watch the 2024 PC Gaming Show: our 10th annual summer showcase

Concord is skipping free-to-play and pulling a Helldivers 2 instead: $40 for the full game with all 16 heroes at launch

Мафия-НН: Все в сборе, правила с тревогой выслушаны, роли прочитаны, и сразу же в бой!

Показ геймплея тактики SteamWorld Heist II



Смертельная ревность. Что известно об «убийце с автоматом»

Яндекс, А.С. Пушкин, Святой Ленин ведут следствие. Настоящая сенсация! 225 лет А.С. Пушкину.

Два человека пострадали в ДТП с автозаком в Москве

«Солнечная Азбука» в особом семейном центре «Семь-Я»


В 2025 году Санкт-Петербург станет столицей «ГОСЗАКАЗА»

Бизнес и дружба с регионами. Москва заключила ряд договоренностей на ПМЭФ

Яндекс, А.С. Пушкин, Святой Ленин ведут следствие. Настоящая сенсация! 225 лет А.С. Пушкину.

Лето без комаров: какие средства от насекомых подходят детям


Фестиваль воздушных шаров пройдёт в рамках мероприятий БРИКС в Нижнем Новгороде

Синоптик Леус: температура воды на курортах Краснодарского края приблизилась к норме

Профессиональный спорт против детства: проблемы, риски и пути развития в России на примере истории Ирины Винер

Свыше 10 миллионов квадратных метров недвижимости построили в зоне влияния БКЛ и МЦК за 13 лет 


«Янника Синнера очень рано сравнивать с Роджером Федерером» // Тренер мужской сборной России по теннису Игорь Куницын — о главных событиях Roland Garros

Джокович снялся с Открытого чемпионата Франции по теннису

Ига Свёнтек одержала 40 побед над теннисистками из топ-10 рейтинга WTA

Соболенко, проигравшая Андреевой, потеряет 2-е место в рейтинге WTA по итогам «Ролан Гаррос», уступив его Гауфф


В Москве стартовал летний сезон программы "ГТО в парках"

Синоптик Леус: температура воды на курортах Краснодарского края приблизилась к норме

Встреча с партнерами из Китая прошла в Псковском музее-заповеднике

Профессиональный спорт против детства: проблемы, риски и пути развития в России на примере истории Ирины Винер


Музыкальные новости

Надежда Бабкина приедет в Ярославль

«К очереди присоединялась другая»: Тимати раскрыл успех своего бизнеса

Джиган, Оксана Самойлова, Виктория Боня и другие: ТНТ раскрывает дату премьеры нового сезона реалити «Выжить в Дубае. Возвращение»

В Тургиново состоялся первый концерт Всероссийского фестиваля-марафона «Песни России» Надежды Бабкиной


В Москве прошла Премия-практикум «Харизма Года»

В Подмосковье сотрудники Росгвардии спасли пожилого мужчину, который оказался один дома и плохо себя почувствовал

«Солнечная Азбука» в особом семейном центре «Семь-Я»

Два человека пострадали в ДТП с автозаком в Москве


Жители разных регионов России в Череповце будут вырезать композиции, посвященные семье

Клиники «Будь Здоров» — в лидерах рейтинга лучших клиник 2ГИС

Медийный баскетбол, киберспорт и турнир ММА: Константин Пухов рассказал о мероприятиях Международного центра бокса (Наташа)

Генеральный директор КА «Главный Советник» принял участие в Бизнес-диалоге «Россия – Венесуэла»


Автомобиль столкнулся с мотоциклом на 51-м километре Калужского шоссе

В Москве автозак с людьми перевернулся на дороге

Сотрудники Росгвардии пришли на помощь попавшей в ДТП несовершеннолетней девочке в Йошкар-Оле

«Синички», роботы, КАМАЗы. Какие соглашения заключила Москва на ПМЭФ-2024


Орбан посоветовал "не дергать русских за усы"

Песков счёл ошибкой думать, что в отношениях Москвы и Анкары наметились проблемы

Крестьянин или князь: откуда идет род семьи Путина

Захарова объяснила слова Путина о поставках оружия в другие страны




Антисанитария в службах доставки: токсиколог Кутушов рассказал, почему опасно заказывать еду

В Швейцарии завершился чемпионат Европы по спортивной и фитнес-аэробике

Клиники «Будь Здоров» — в лидерах рейтинга лучших клиник 2ГИС

На ПМЭФ Москва и Буэнос-Айрес договорились о поставках инсулина


AFP: Байден объявил о выделении Киеву помощи на 225 млн долларов


«Столото» подписал соглашение в развитие стратегической поддержки комплекса ГТО и многоборья ГТО

Академия Плющенко требует почти два миллиона со сбежавшей от них юной спортсменки

Поражения Шубенкова и Савлукова, осечка Кнороз и двойной триумф Макаренко: чем запомнился «Мемориал Знаменских»

Медийный баскетбол, киберспорт и турнир ММА: Константин Пухов рассказал о мероприятиях Международного центра бокса (Наташа)



Собянин: Завод по производству препаратов из плазмы крови человека появится в РФ

Мэр Москвы договорился о создании роботизированного завода по производству грузовых автомобилей

Мэр Москвы и глава Башкортостана подписали соглашение в рамках ПМЭФ

Сергей Собянин рассказал о реализации проектов КРТ в столице


Сервис email-маркетинга DashaMail интегрировал в свою экосистему конструктор виджетов LeadPlan

Багреева: Глобальные климатические цели могут быть достигнуты при участии городов

Лесничие и студенты Можайска провели субботник у истока Москвы-реки

Жара вновь бьёт рекорды. Повторится ли аномальное лето 1972 и 2010 годов?


Встреча с партнерами из Китая прошла в Псковском музее-заповеднике

Фестиваль воздушных шаров пройдёт в рамках мероприятий БРИКС в Нижнем Новгороде

Свыше 10 миллионов квадратных метров недвижимости построили в зоне влияния БКЛ и МЦК за 13 лет 

Камвольный комбинат в Павловском Посаде отметил 160-летие


Россия, Новости, Культура, Театр, Дети: Радость, которую приносит Госцирк Бурятии

Лед тронулся. Как волонтер из Ульяновска попала на «Арктику» и кому поможет портрет Карамзина

Торговые настольные электронные весы CAS PR-15P

Архангельск стал базовой площадкой для проведения окружного спортивного форума


В районе Симферополя появится крупный жилой микрорайон - ЖК "Республика"

Литературно-краеведческая программа «Не может быть Родина малой, с такою великой душой!»

Глава Росавиации: возобновление работы закрытых с начала СВО аэропортов пока не ожидается

Клубный дом "Моне" - особый статус в центре Симферополя


В Подмосковье семья офицера Росгвардии стала победителем соревнований «Папа, мама, я - спортивная семья»

СУЭК вложит30 млрд руб. в проект развития добычи угля в Хабаровском крае

Суд прекратил уголовное дело после авиакатастрофы "Саратовских авиалиний"

Суд отменил решение о взыскании в пользу Silver Basis с "Москвича" €2,6 млн














СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *