Талас облустук соту Талас мамлекеттик университетинин ректорунун бөгөт чарасын карап, аны милициянын тергөө абагына бир айга камоо тууралуу чечим чыгарды.
Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) 30-агустта аталган окуу жайда коррупциялык схема аныкталганын билдирген. Атайын кызмат тараткан маалыматта университеттин "кызмат адамдары бюджеттик акчаны мыйзамсыз пайдаланып келген көрүнүш" аныкталганы жазылган.
"Козголгон кылмыш ишинин алкагында, университетин ректору У.А.Ш. жана башкы эсепчиси К.Г.Ж. 2021-2022-жылдар аралыгында жогорку окуу жайдын кызматкерлерине жети миң сомдон акчалай сыйлыкты анын алты миңин кайра кайтаруу шарты менен ыйгарып турганы аныкталган. Мындан сырткары аталган адамдар жеке ишкерлер менен жең ичинен сүйлөшүп алып, университеттин окуу корпусун оңдоо үчүн курулуш материалдарын сатып алууга тендер өткөрүп, андан кийин акча каражаттарынын бир бөлүгүн өздөрүнө чегерип алган. Ошондой эле ректор жооптуу катчысы Т.Т. менен макулдашып алып, мамлекеттик жана университетке кирүү экзамендерин тапшыруу учурунда студенттерден жана абитуриенттерден акча чогултуу менен алектенген",- деп айтылган УКМК тараткан маалыматта.
Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык ректор облустук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда ишти тергөө, зыяндын көлөмүн аныктоо иштери уланып жатат.
Коррупцияга айыпталгандардын жакындары менен жактоочулары азырынча комментарий бере элек.
Талас мамлекеттик униврситетинин ректору Айбек Упенов бул кызматка 2015-жылы июнь айында дайындалган.
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
«Школа вожатых» прошла в школе №7 в Реутове
Инго Экосистема стала победителем национальной премии FinTech Awards Russia
Семинар библиотекарей Ленинского округа прошел в Центральной библиотеке
Попурри мелодий и дух патриотизма: военный оркестр в парке «Кузьминки» отметил День России
Социальные и ESG-проекты ГПМ Радио названы лучшими в России
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Объект культурного наследия «Фабрика-кухня» горит на севере Москвы
Усмирение самокатчиков. Вслед за областным центром в Обнинске возьмутся за кикшеринговые компании
В Москве горит неэксплуатируемое здание на территории бывшего ОКБ "Сухой"
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!