Өспүрүм кыздын өлүмүнө шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы каралды
Кадамжай райондук соту Халмион айыл аймагында 14 жаштагы кызды мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелип кармалган үч жарандын баш коргоо чарасы карап, эки айга (5-ноябрга чейин) камакта калтыруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Баткен облустук сотунун маалымат кызматы кабарлады.
4-сентябрда Баткен облусунун Кадамжай районунда киши колдуу болгон 14 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылганын облустук милиция билдирген. Алдын ала маалыматтарда, кыздын колу аркасына жип менен байланып, мойнунан жип менен муунтулган абалда табылган.
Маркум Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын 2008-жылы туулган К.А. аттуу тургуну экени аныкталды. Кылмышка шектүү катары Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын 24, 25 жана 27 жаштагы тургундары кармалган.
Бул үрөй учурган окуя коомдун курч реакциясын жаратты. Президент Садыр Жапаров Кадамжайда өспүрүм кыздын киши колдуу болгону тууралуу Фейсбуктагы баракчасына пикирин билдирип, бул иш жеке көзөмөлүндө болорун жана кылмышка катыштыгы барлар жазасын аларын айтты.
Жогорку Кеңештин 7-сентябрдагы отурумунда бир катар депутаттар Кадамжайда мектеп окуучусу зомбулуктан каза болгон окуяга байланыштуу пикирин билдирип, балдарга зордук-зомбулук көрсөткөн педофилдердин жазасын катуулатуу тууралуу маселе көтөрдү.
Бир ай мурун дагы бир жашы жете элек 13 жаштагы кыздын зордукталышы коомчулукта резонанс жараткан. Бул боюнча жарандык коом өкүлдөрү өлкө бийлигине кайрылып, тийиштүү чара көрүүнү талап кылган. (JsA)