Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2022

"Кумтөр" чыры: Тенгиз Бөлтүрүк эки айга камалды

0

“Кумтөр Голд Компани” ишканасындагы коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында кармалган мурдагы убактылуу тышкы башкаруучу Тенгиз Бөлтүрүк эки айга камалды. Ал өзүнө коюлган айыпты "акылга сыйгыс" деп атап, "Кумтөрдө" коррупциялык схемалар бар экенин, ага өзүнүн тиешеси жоктугун айтты.

15-сентябрда Бишкектин Октябрь райондук соту Кумтөр кениндеги коррупцияга байланыштуу кармалган "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин башчысы Тенгиз Бөлтүрүктүн бөгөт чарасын карап, аны 10-ноябрга чейин камакта калтырды. Анын адвокаты Кайсын Абакиров айыпталуучу Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагына камаларын билдирди.

Ушул эле соттун чечими менен Бөлтүрүк менен кошо камалган Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева эки айга, Рыспек Токтогулов бир айга Бишкектеги №1 тергөө абагына камалды.

"Кумтөрдө" коррупциялык схемалар дагы эле бар"

Тенгиз Бөлтүрүк сот залында “Азаттыкка” учкай комментарий берип, өзүнө козголгон кылмыш ишин "акылга сыйгыс" деп сыпаттады. Ошондой эле коррупуциялык иштерди ага шылтоо негизсиз экенин билдирди.

- Башкы прокуратура "Кумтөрдө" 1 млрд. сомдук мыйзам бузуу болгонун билдирди. Бул боюнча үч кылмыш иши козголду. Сиз коюлган айыптар менен макулсузбу?

- Мен макул эмесмин, бардык айыптар жалган, акылга сыйгыс. Мен эки ири компаниянын менеджери болгом, ошондой эле юридикалык маселелерди да чечип жүргөм. Менде жумушум көп эле, бардык процессти көзөмөлдөгөнгө үлгүрө албадым. Менин кол астымда көп адам иштеди. Алардын айрымдары чын эле коррупциялык схемаларга аралашкан, алардын кээ бирлери өлкөдөн чыгып кетти. Мага айып жок жерден эле коюлуп жатат.

- Эмне үчүн сизди айыптап жатышат? Бул иштин саясий жүйөсү болушу мүмкүнбү?

- Мени эмне үчүн айыптап жатканын өзүм да түшүнбөйм. Мен өлкө үчүн колумдан келгендин баарын жасадым, ак иштедим. Мен бир гана маянага иштедим. Башка эч кандай "пара" алган жокмун. Ошол үчүн бул кырдаалда нес болуп калдым. Мен тазамын. Мейли, бардык документтерди, катышуучуларды аягына чейин териштирсин. Анткени менин кол астымда көп адам иштеди. Камсыздоо бөлүмүнүн директору бар, ошол маалда камсыз кылуу жагын аткаруучу директор карап жаткан. Финансы директору да бар эле. Андыктан бардык процесс ачык-айкын жүргөн жана анын баары комиссиялык негизде өтчү. Мен ал жакка такыр аралашкан жокмун, көрсөтмө да берген эмесмин. Анткени сатып алуу боюнча биздин ички процедураларыбыз бар. Биз аны бузган жокпуз. Бул процесске аралашууга укугум жок эле, мен сатып алуу боюнча инструкцияларга жана ички жобого карап иш кылчумун.

Август айында көз карандысыз аудит жүргүзүлдү, себеби "Кумтөр Голд Компани" 2-августка чейин "Центеррага" карап турган. Баарыбыз 2-августка чейин "Центерранын" убагындагы ички жобо менен иштедик. Ал жактагы сатып алуу боюнча талаптар Кыргызстандын мыйзамдарынан такыр айырмаланып турчу. Иштелип чыккан бардык жоболор кынтыксыз аткарылды. Жазылган так процесстер бар. Ал жакта болгон деталдуу иштерге мен аралашкан эмесмин, анткени мен жалпы өндүрүштү карайм. Өткөн жылдын жыйынтыгына караганда 104 млн. доллар үнөмдөдүк. Мен эффективдүү менеджер катары мунун баарын жасай алдым: көптөгөн коррупциялык схемаларды талкаладык, коррупциялашкан келишимдерди жок кылдык, жогору жана орто кызматтагы көптөгөн жетекчилерди иштен алдык, көптөгөн реагенттердин чыгымын азайттык. Ал жакта зор иштер жүрдү. Мен 104 млн. долларды үнөмдөп, ошол эле учурда аларды кантип уурдап алмак элем.

- 19 тонна алдындын сатылышы боюнча талаш-тартыштар жүрдү. Сиз буга байланыштуу бир да жолу комментарий бере элексиз. Бул боюнча эмне айта аласыз?

- Биз алтынды "Кыргызалтын" ишканасына сатабыз. Бул эритме, таза эмес. Анда 60-90% алтын болот. Муну акт менен "Кыргызалтынга" сатабыз. "Кыргызалтын" "9999" аффинаждалган алтынды чыгарат. Анан аны Улуттук банкка же Батышка сатат. Алар сатып акчаны алгандан кийин биз менен эсептешет. "Кумтөр" алтындын "Кыргызалтынга" сатылгандан кийинки тагдырын билбейт. Бул такай эле ушундай болуп келген. Документтерди, келишимдерди көтөрүп чыгып, алтын андан ары эмне болгонун түшүндүрүү керек. Бул жерде "Кумтөрдүн" эч кандай тиешеси жок.

- Сизди бул кызматка өлкөнүн президенти жана премьер-министри алып келген. Сизге айып коюлгандан кийин алар менен сүйлөшө алдыңызбы?

- Азырынча сүйлөшүүгө мүмкүн боло элек. Садыр Нургожоевич (Жапаров) бул маселени көзөмөлдөөнү убада кылган. Мен ага "Кумтөрдү" алып, ишин жолго салууга жигитче сөз бергем. Убадамды аткардым. Өткөн жылдагы жетишкендигибизди өзүңүздөр да көрдүңүздөр. Биз соңку бир жарым жылда суктанарлык жыйынтыкка жетиштик. 104 млн. долларды үнөмдөдүк, бирок мен бул жумушту аягына чыгара элекмин. "Кумтөрдө", айрыкча камсыз кылуу бөлүмүндө дагы эле көптөгөн коррупциялык схемалар бар. Мен жумушту аягына чыгара элекмин, дагы көп иш турат. Бирок мени алып коюшту. Балким, мен өзүмдүн жүрүм-турумум менен... Билбейм, мен кимди өткөрбөй койдум. Көптөр ар кандай компанияларды киргизүүгө кызыкдар болушкан. Бирок мен эч кимди киргизбедим. Садыр Нургожоевич менен келишим ушундай болгон. Көптөрү таарынган. Мага карата көп коркутуулар болду.

- Кимдерден?

- Мен алардын атын айта албайм, айрымдарын өзүм да тааныбайм. Мен алардын таасирдүү адамдар менен байланышы бар экенин билем. "Кумтөрдө" дайым эле ушундай болуп келген. Мен былтыр май айында келгенимде көптөгөн коррупциялык келишимдерди жокко чыгаргам. Көптөгөн коркутуулар болду. "Кумтөр" 25 жылда... Бул ири коррупциялык схема. Ал "Центерранын" убагында куралган, одоно айтканда, "Центерра" калкалаган. Бул схемалардын баарына жол берген.

Башкы прокуратуранын жүйөсү

13-сентябрда Башкы прокуратура Бөлтүрүк "Кумтөрдөгү" коррупцияга байланыштуу кармалганын билдирген. Аны менен кошо жабдуу боюнча адис Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева, каржы башкармалыгынын директору Рыспек Токтогулов кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген эле.

Бөлтүрүк камалганга чейин Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун ишин текшерүүдө, ишкананын кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекетке 1 млрд. сомго жакын зыян келтирилгени аныкталганын маалымдаган. Прокуратуранын маалыматында финансылык мыйзам бузуулар болгону, күйүүчү-майлоочу майлар, тамак-аш, тетиктер жогорку баада сатылып алынганы да айтылат.

Мекеменин маалымат жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн прокурору Чолпон Абдимомунова “Азаттыкка” мындай маалымат берген:

“Акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген убактылуу тышкы башкаруу киргизилген учурда акционердик коомду башкаруу органдары үчүн чектөөлөрдү бузуу фактылары боюнча үч кылмыш иши козголгон. Алдын ала эсептөөлөр боюнча мамлекетке 1 млрд. сом зыян келтирилгени аныкталган”.

Тенгиз Бөлтүрүктүн Кумтөрдөгү орду август айынан соңунан баштап олку-солку боло баштаган. 25-августта алтын кенге сырттан башкаруу токтотулуп, Тенгиз Бөлтүрүккө жасаган иши тууралуу отчет берүү тапшырылган. 23-августта Эсеп палатасынын тийиштүү текшерүүлөрүнө байланыштуу "Кумтөр" компаниясын буга чейин жетектеп келген Тенгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов ээлеген кызматынан четтетилген. Бирок Бөлтүрүк "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингдин жетекчиси бойдон кала берген.

Жогорку Кеңештин талабы, Жапаровдун жообу

Тенгиз Бөлтүрүк кармалгандан кийин Жогорку Кеңештин айрым депутаттары 14-сентябрдагы жыйында маселени күн тартибине киргизип, талкуулоону сунуштады.

“Бирөө миллиард сомду жеп кетти деп кармалды. Кечээ эле асманга көкөлөтүп, кыйын ишкер деген адам бүгүн кармалып отурат. 19 тонна алтын боюнча ар кандай маселелер чыгып атат. Акынбек Үсөнбековичти чакырып, ошол боюнча сурасак болот эле. Миллиард сом деген мындай эле бир чети. Мындан да көп маселелер чыкканы калды. Кумтөр бүгүнкү күндө кандай жумуш алып кетип жатат? Эртең катастрофа болуп толук иштебей калбайбы?", - деди депутат Тазабек Икрамов.

Депутаттар “Кумтөр Голд Компани” боюнча өкмөттүн жана Тенгиз Бөлтүрүктүн маалыматын угуу талабын бир жылдан бери айтып келишет. Бирок мындай мүмкүнчүлүк түзүлгөн эмес. Бийлик муну алтын кенди мурда башкарган канадалык компания менен талаш-тартыш жүрүп атканы менен түшүндүрүп келишкен. Бирок Кумтөр Кыргызстанга толугу менен өткөнү жарыялангандан кийин деле Бөлтүрүк парламентке маалымат берген жок.

14-сентябрдагы отурумда Кумтөр маселесин депутаттар Дастан Бекешев менен Исхак Масалиев да көтөрдү. Масалиев Тенгиз Бөлтүрүккө ишенип келген Акылбек Жапаровдун жоопкерчилиги да каралышы керектигин билдирди.

“Башынан эле бир топ жарандар, депутаттар, активисттер “ишенбейбиз, ишенбейбиз” деп айтышкан да. Бирок бизге таза иштей турганын айтышкан. Ошону айткан Акылбек Жапаров да жоопко тартылыш керек. Бул маселени карашыбыз керек. Себеби ал башка мамлекеттин жараны болуп атат. Келишимдерге кол коюп, сүйлөшүүлөргө катышкан болсо, анда аларды кайра карап чыгышыбыз керек. Анткени ал жактан да пайда көрөм деген ой болуп калышы мүмкүн. Конституция боюнча өкмөттүн мүчөсүн же башчысын бошотуу боюнча сунушту бере алабыз. Келгиле, ушуну колдонуп көрөлү. Бирок аны калтырабы же жокпу президент чечет”.

Тенгиз Бөлтүрүктүн айланасындагы окуя Жогорку Кеңештин жыйынында түшкү тыныгуудан кийин карала турганы айтылып жаткан. Бирок депутаттардын чогулуп же тарап кеткени белгисиз болуп калды.

Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бөлтүрүктүн камалышы тууралуу "Азаттыкка" учкай комментарий берди. Анда кылмышка шектүү тууралуу акыркы чечимди сот чыгарарын айтты.

"Анын күнөөлүү же күнөөлүү эместигин сот гана аныктайт. Дагы бир жолу айтып коюшум керек, Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги жана Улуттук коопсуздук комитетинин өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлгөн. Азыр зыян тууралуу Эсеп палатасынын алдын ала чыгарган жыйынтыгынын негизинде маалымат берилип жатат. Биз эми мындайлардын далайын башыбыздан өткөргөнбүз. "Кумтөр" өзүнүн жумушун так аткарып жатат. Бир дагы грамм алтын сыртка кеткен жок. Президент Садыр Нургожоевич парламентти дагы, оппозицияны дагы чакырды, комиссия түзүп алып келсеңер алтынды кантип казып алабыз, каякта сактайбыз, кантип сатабыз, баарын аларга көрсөткөнгө макулбуз. Алардан сунуштарды күтүп жатабыз. Фейсбуктан эле "биз болобуз" деген сөздөрүнөн башка мага сунуштар келе элек",- деди Жапаров.

Акылбек Жапаровдун бул билдирүүсүнөн кийин оппозициялык "Бириккен демократиялык кыймылы" билдирүү таратып, “Кумтөр” боюнча комиссияны жетектөөгө даяр экенин билдирди. Алар өз катарынан комиссияга Кеңешбек Дүйшөбаевди, Клара Сооронкулованы, Равшан Жээнбековду, Рита Карасартованы жана Айбек Теңизбаевди кошууну сунуштап жатат. Саясатчы Равшан Жээнбеков буларды билдирди:

“Кыргызстандагы расмий оппозициялык уюм биз болуп эсептелебиз. Ошол эле учурда президент, өкмөт кандай пландап атканын так айта албайбыз. Эгерде комиссия туура түзүлүп, максаттар туура коюлса, анда жетектегенге даярбыз. Анын курамына тажрыйбалуу, принциптерге бекем адамдардын тизмесин бердик. Биз ачык айкын документтерди текшерип, эксперттерди тартып, андан кийин болгон маалыматты коомго обьективдүү айтып берүүгө даярбыз. Эгер бийлик бут тоспой шарт түзүп берсе, анда бир айдын тегерегинде тыянак чыгарабыз”.

Кумтөрдүн алтыны боюнча “Азаттык” 26-августта макала жарыялаган. Анда расмий маалыматтарга таянуу менен Улуттук банк 2021-жылы чынында эле өз резервинде сакталып турган чоң көлөмдөгү алтынды сатканы, бирок ал расмий статистика жарыялаган 19 тоннаны түзбөй турганы белгиленген.

Кыргызстан алтынын кайсы убакта кайсы өлкөгө алып барып сатып жатканы тууралуу маалыматты ачыктабай турганын президент Жапаров 27-августта “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде билдирген.

Тенгиз Бөлтүрүк ким?

“Центерра Голд” компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин Кыргызстандын бийлиги 2021-жылдын май айында өз карамагына алган. Өлкөдөгү ири алтын кенин мамлекетке алууда Тенгиз Бөлтүрүк чечүүчү ролду ойногону айтылып келет.

2020-жылы октябрь айында бийлик алмашкандан кийин “Центерра Голд” компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон. 2021-жылы май айында "Кумтөр Голд Компани" ишканасына убактылуу сырттан башкаруучу болуп дайындалган. 2022-жылы февралда ишкананы убактылуу тышкы башкаруу укугу жаңы түзүлгөн "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингине берилген. Ошол эле кезде Бөлтүрүк бул холдингдин жетекчиси бойдон калган.

57 жаштагы Тенгиз Бөлтүрүк ​Кыргызстандын жана Канаданын жараны. Кыргызстанга келгенге чейин чет мамлекетте жашап, эмгектенген.

Бөлтүрүк Москвадагы Болот жана эритмелер институнун (азыркы Улуттук технологиялык изилдөөлөр университети) аяктап, түстүү металлдарды иштетүү жана байытуу боюнча инженер кесибине ээ болгон.

Эмгек жолун Орусиядагы тоо-кен тармагында баштап, 1990-жылы Кыргызстанга которулган. Келгенде Айдаркен сымап комбинатында, Солтон-Сары кенинде эмгектенген.

Бөлтүрүк 1997-1998-жылдары Кумтөр комбинатын ишке киргизүүгө катышкан. 1998-жылы “XXI кылымдын кадрлары” программасы менен Германияга окууга кеткен.

“Центерра Голд” компаниясынын буга чейин тараткан маалыматта, Тенгиз Бөлтүрүктүн машина куруу жана тоо-кен тармагында 30 жылдык тажрыйбасы бар экени айтылган. Ал буга чейин Канада, АКШ, Казакстан, Австралия, Түркия, Монголия, Африка, Түштүк Америкада жана башка мамлекеттерде иштеген.

Коомдук ишмер Мурат Жетимишбаев Тенгиз Бөлтүрүк канчалык айыпталбасын, анын Кумтөрдү Кыргызстанга өткөрүүдөгү эмгегин унутпаш керек деген пикирин айтты.

“Садыр Жапаров өзү ишенип алып келген. Мен дагы жеке сүйлөшкөндө жакшы ойдо калгам. Азыр таң калып отурам. Күнөөлөр коюла берет, бирок акыркы чечимди сот чыгарат. Бөлтүрүк канадалыктар менен чогуу иштешип, Торонтодо жашап келген. Андыктан “Центерра Голдун” сырларын билген. Ошон үчүн алар менен талаш-тартыш болгондо салымы чоң болгон деп ойлойм. Анын эмгегин эч качан четке какпаш керек. Азыр алтын кендин Кыргызстанга өтүшүн бир тарапка, азыркы айыптарды экинчи тарапка коюп баа бериш керек”.

Тенгиз Бөлтүрүк Садыр Жапаров менен жакшы мамиледе экени да белгилүү.







Весь мир чипировали умом Ленина?! Раскрыта загадка Мавзолея В.И. Ленина. Проект "Святой Ленин".

Доктор Кутушов назвал болезни, которые поджидают отдыхающих у водоёмов

До плюс 50 градусов: Каким городам России грозит аномальная жара летом 2024 года. Опубликован список

Eurasianet: Азербайджан публично и цинично уничтожает армянское культурное и историческое наследие в Нагорном Карабахе


Конференция «Общество и психическое здоровье» прошла в Ставрополе

Раскрыт секрет, как и где отдохнуть в России летом за 11 тыс. рублей

Праздник в детском отделении от Клуба пациентов

«585*ЗОЛОТОЙ» выступила партнером медиафестиваля творческой молодежи YOUPITER


Where to find Real Madrid vs Dortmund on US TV: June 1, 2024

When Narine asked Gambhir 'can I bring my girlfriend to IPL?'

Rangers backed into a corner, must beat Panthers on road to force Game 7

Brentford B and Tiverton Town Friendlies Announced


Улыбка сделала слушателя «Юмор FM» миллионером

Преступления мигрантов с рынков азербайджанского олигарха Года Нисанова продолжают шокировать Москву

Пожар в пятиэтажке унес жизнь неосторожного курильщика

Eurasianet: Азербайджан публично и цинично уничтожает армянское культурное и историческое наследие в Нагорном Карабахе


"Расхитительница гробниц: Легенда о Ларе Крофт" получила дату выхода и тизер

Видеоновости: Дата релиза Tarisland, Zenless Zone Zero и Auroria, релиз Construction Simulator 4 и бета NFS Assemble

Gamesblender № 676: God of War: Ragnarok на ПК, осенний ремейк Silent Hill 2 и новости Warhammer

Четвёртое дополнение Age of Wonders 4: Eldritch Realms завершит первый цикл поддержки игры



Отельеры вступают в Игры дружбы // Стоимость размещения в гостиницах растет

Тысячи активистов разгромили офис Socar в Стамбуле, обвинив «Азербайджан» в поддержке геноцидальной политики Израиля в Палестине

Более 30 компаний из Нижегородской области пришли на первую встречу регионального сообщества инклюзивного бизнеса «Открыто для всех»

На борту самолета, летевшего из Москвы в Турцию, из-за жары погибла кошка якутского пилота


Ни "халяль", ни "грешниц": Церковь и Роспатент подготовили особый запрет для бизнеса

РПЦ предложила запретить товарные знаки с религиозной символикой

Дивный новый мир цифровизации: в Москве пройдет Форум «Время цифры»

Весь мир чипировали умом Ленина?! Раскрыта загадка Мавзолея В.И. Ленина. Проект "Святой Ленин".


Как выглядит могила похороненного вне кладбища композитора Тихона Хренникова

Художник Надя Ковба вновь открывает в Самаре иммерсивную выставку «8 КОМНАТ»

Волонтеры посадили три тысячи молодых деревьев в Подмосковье и Санкт-Петербурге

Новосибирская область показала свой научно-технологический потенциал в Москве на ВДНХ


Ролан Гаррос. Расписание 2 июня. Потапова и Швентек сыграют первым запуском, Синнер – последним

Организм был не в состоянии: Потапова прокомментировала поражение на «Ролан Гаррос»

Итальянская забастовка: Рублёв, Котов и Самсонова вылетели с «Ролан Гаррос», Потапова обыграла Ван Синьюй

Матч Котова и Вавринки перенесли на корт Сюзанн Ленглен


Новосибирская область показала свой научно-технологический потенциал в Москве на ВДНХ

Волонтеры посадили три тысячи молодых деревьев в Подмосковье и Санкт-Петербурге

Новосибирская область показала свой научно-технологический потенциал на ВДНХ

Первая официальная презентация CrypTouch в Москва-Сити. Объявление о масштабном розыгрыше


Музыкальные новости

Бутман и Долина приняли участие в Akra Jazz Festival в Турции

Между Карди Би и рэпершей BIA начался биф

Григорий Лепс, Мот, Seville, MIA BOYKA, Джиган и другие гости презентации нового альбома Юрия Киселёва «Иду за мечтой»

Гизер Батлер рассказал, что Оззи Осборн согласился выступить с Black Sabbath


Периоды похолодания в июне спрогнозировали россиянам

На борту самолета, летевшего из Москвы в Турцию, из-за жары погибла кошка якутского пилота

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде

Весь мир чипировали умом Ленина?! Раскрыта загадка Мавзолея В.И. Ленина. Проект "Святой Ленин".


ЦБ: В Татарстане все школы присоединились к урокам финграмотности

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» легально изготавливает армии и спецслужбы. 6 серия. СЕРЬЁЗНЫЙ НОВОСТНОЙ СЕРИАЛ.

Аккумулятор неанонсированного Samsung Galaxy Z Fold6 Ultra сертифицировали

"Евро-Футбол.Ру": "Спартак" не будет подписывать камерунского форварда Абубакара


Отзывы об EXEED VX: что говорят владельцы в 2024 году

Как узнать совместимость запчастей на авто?

Владимирцам напомнили об ограничении скорости из-за ремонта на трассах М-7 и Р-132 «Золотое кольцо»

Первое историческое ралли в Москве 2 июня 2024


Путин назвал День спасения одной из главных дат в истории еврейского народа

«Так вкусно»: Путин поблагодарил главу Минсельхоза Узбекистана за фрукты

Путин 7 июня выступит на ПМЭФ и будет говорить не только об экономике

Российские ракеты средней дальности могут появиться под боком восточноазиатских сателлитов США




Собянин: Новый корпус больницы святого Владимира планируется открыть в 2025 году

В Москве пациент устроил поджог в туалете наркологической клиники

"Все ждали, что Москва будет Третий Рим…". Заявление Калныньша вызывает беспокойство о его здоровье

В Архангельске медики России обменялись методиками оказания офтальмологической помощи



Неделя легкой атлетики пройдет в Москве

ФК «Зенит» представил стартовый состав на суперфинал Кубка России в Москве

Первое историческое ралли в Москве 2 июня 2024

Один из лидеров «Салавата Юлаева» подписал контракт с ЦСКА: теперь официально



Сергей Собянин рассказал о новых трамвайных линиях в Москве

Собянин: В Москве создана самая маленькая схема метро в мире

Собянин: Новый корпус больницы святого Владимира планируется открыть в 2025 году

Собянин: Около обновленных поликлиник создано более 600 зон отдыха


Поезд проехал через горящий лес в Бурятии

Орнитологи напомнили москвичам, как вести себя при встрече с птенцами

В Рослесхозе заявили, что площадь пожаров в РФ превысила 650 тыс. га

Юбилейный Международный форум «Экология» пройдет в Москве 4 и 5 июня


Инклюзивное трудоустройство. Как создавать доступную среду для людей с ОВЗ, обсудили на форуме «Неделя российского ритейла — 2024»

Новосибирская область показала свой научно-технологический потенциал в Москве на ВДНХ

Новосибирская область показала свой научно-технологический потенциал на ВДНХ

Волонтеры посадили три тысячи молодых деревьев в Подмосковье и Санкт-Петербурге


В Архангельске подвели итоги III Всероссийского форума «Арктика. Лёд тронулся»

В Архангельске медики России обменялись методиками оказания офтальмологической помощи

Архангельская область подключается к марафону "Сила России"

В филиале фонда «Защитники Отечества» в Архангельской области подвели итоги первого года работы


Арт-знакомство «Искусство должно давать счастье и радость»

Банки начали выдавать ипотеку на жилье в Крыму

ВТБ начал выдавать ипотеку на жилье в Крыму

Первый автобус «Санкт-Петербург — Симферополь» вышел на маршрут


Инклюзивное трудоустройство. Как создавать доступную среду для людей с ОВЗ, обсудили на форуме «Неделя российского ритейла — 2024»

ТЮЗ Тувы отметил юбилей в День защиты детей

Первая официальная презентация CrypTouch в Москва-Сити. Объявление о масштабном розыгрыше

Новосибирская область показала свой научно-технологический потенциал в Москве на ВДНХ














СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *