Түркияда "Манас" жумалыгы башталды
Түркиянын Бурса шаарында "Манас жумалыгы" башталды. Анын алкагында кыргызстандык, казакстандык жана түркиялык 14 манасчы 21-сентябрдан баштап бир жума "Манас" айтышат.
Иш-чара жергиликтүү бийлик, ТҮРКСОЙ уюму жана Кыргызстандын Түркиядагы элчиликтин демилгеси менен уюштурулган.
Кыргыз улуттук "Манас" театрынын директору Азиз Биймырза уулу бир канча өлкөдөн келген манасчылар кезек-кезеги менен чыгып атканын "Азаттыкка" билдирди.
"21-сентябрда саат кечки жетиде баштадык, түнү менен айтылды. Биринчи айлампада 34 сааттан айтып аткан манасчылар бар. Түркиялык Осман Шахин өзү 40 мүнөт Манас айтты. Ал эми кыргызстандыктар Түркиянын аба ырайына, үнүнө көнгөндөн кийин кезектешип айта баштайбыз".
Түркиялык манасчы демекчи, кыргыз манасчылар менен тең тайлаш Манас айткан Осман Шахин Анкара университетинин түркология факултетинин студенти. Ал 1-курстан бери бери кыргыз маданиятына жана улуу эпосуна кызыгуу артканын, төрт жылдан бери "түркиялык манасчы" катары кыйла таанылып калганын билдирди.
"Мен кыргыз тилин университетимдеги кыргыз тил мугалимим профессор Гулзура Жумакуновадан үйрөндүм. Бир жолу Манас эпосу тууралуу тапшырма алып, "кантип даярдасам жакшы болот" деп ойлондум. Ошондо эпостон бир үзүндү жаттап, группалаштарыма айтып бердим. Баары жактырды. Мугалимдерим "сен Манас айтууну улант" деп кеңеш беришти. 2019-жылы биринчи жолу сахнада Манас айттым. Андагы сезимдерди айтып бүтүрө албайм. Ошондон баштап, манасчылар, Манас эпосу тууралуу терең изилдөөгө кириштим. Ал эми сахнага чыгып Манас айтканда Түркиядагы кыргыздар, Анкарадагы элчи, ТҮРКСОЙ уюму мага чоң колдоо көрсөтүп келе жатышат".
Түркиялык манасчылардын катарын түркиялык Хайреттин Ивгин жана мектеп окуучусу Арас Булут Селви да толуктады.
Шаршембиде "Манас жумалыгынын" ачылыш аземине Түркиянын президентинин кеңешчиси Ялчын Топчу, ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы Султан Раев, Анкарадагы элчи Кубанычбек Өмүралиев жана бир катар расмий өкүлдөр катышты.
"Кыргыз боордошторубуздун жана түрк дүйнөбүздүн эпикалык тарыхы бар. Биздин атак-даңкка толгон жалпы тарыхыбыз бар. Кыргызстан менен Түркиянын эли, каны, маданияты бир, бирок эки бешикте чоңойгон бир туугандай. Биздин бир тууган экенибизди бүт дүйнө билиши керек",- деди түрк аткаминери Ялчын Топчу.
Түркиядагы "Манас жумалыгы" IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын утурлай уюштурулган. Ачылыш аземине 6-августта Ош шаарынан велосипед менен Түркияга жеткен 75 жаштагы Мамыт Таштанов да катышты. Эки айга чукул аралыкта ал алты мамлекетти басып өткөн.
"Мен бүгүн Манас жумалыгына туш келип, Бурса шаарына келип калганыма өтө кубанычтамын", - деди ардагер.
Бурсадагы "Манас жумалыгы" 28-сентябрда жыйынтыкталат. Ага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров келери айтылууда. Иш-чараны онлайн түз көрүүгө болот.
"Манас" эпосу "Манас", "Семетей" жана "Сейтек" үчилтигинен турат. Эпостун манасчы Сагымбай Орозбаковдон 1920-жылдары жаздырылып алынган 19 миң саптан турган жана манасчы Саякбай Каралаевден жаздырылып алынган 937 миңден ашуун саптан турганы классикалык варианты болуп саналат.
2013-жылдын 4-декабрында "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтиги ЮНЕСКОнун "Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын" тизмесине кирген. 2015-жылы өкмөттүн токтому менен 4-декабрь - “Манас” эпосунун күнү деп жарыяланган.
Быйыл Көчмөндөр оюндары 29-сентябрдан 2-октябрга чейин Түркиянын Изник шаарында өтөт.