Баткенде жараат алгандарга зарыл кан запасы толук чогулуп бүткөнүн 23-сентябрда “Кабар” улуттук маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин Жарандык коргонуу секторунун башчысы Кубаныч Калмаматов билдирди.
Анын айтымында, жалпысынан Баткендеги каргаша башталган күндөн тартып Кан борборуна ыктыярдуу түрдө 1200дөн ашык адам барып, кан тапшырды:
“Баткен облусуна жетиштүү көлөмдө эритроцит массасы жана жаңы тоңдурулган плазма, ошондой эле керектүү медициналык материалдар, тест-системалар жергиликтүү баштапкы медициналык-санитардык жардам үчүн реагенттер жөнөтүлдү. Учурда канга болгон биринчи муктаждык канааттандырылды. Мындан аркы кан тапшыруу стратегиялык резервди толуктоого багытталат”.
Быйыл 14-16-17-сентябрда чек арасындагы кол салуудан 59 кыргыз жараны курман болуп, эки жүзгө жакыны жараат алды. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты. Тажик тарап 41 жараны өлгөнүн билдирген. "Озоди" рдиосу өз булактарына таянып чек арада каза болгон 70 адамдын тизмесин чыгарды. 20-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында маалымат берип жатып президент Садыр Жапаров Тажикстанды "бардык макулдашууларга карабай чабуул жасады" деп айыптаган. Тажик тарап окуя үчүн Кыргызстанды айыптоодо. (RK)
Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Семинар библиотекарей Ленинского округа прошел в Центральной библиотеке
Владимир Путин сенсационно получил ключевое признание от Н А Т О.
Объект культурного наследия «Фабрика-кухня» горит на севере Москвы
Социальные и ESG-проекты ГПМ Радио названы лучшими в России
Попурри мелодий и дух патриотизма: военный оркестр в парке «Кузьминки» отметил День России