ӨКМ Баткенде үй-жайына кайткандар саны 100 миңге чамалаганын билдирди
26-сентябрга карата кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан улам коопсуз жакка убактылуу чыгып кеткен 92 521 адам өзүнүн үй-жайына кайтты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, 14-17-сентябрдагы куралдуу кагылышуунун кесепетинен Баткен облусунда 136 770 жаран эвакуацияланган. Анын ичинен 36 242 жаран жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө жайгашкан, 4 207 адам атайын уюштурулган эвакуациялык жайларда турушат. Алардан тышкары 3 800 жаран башка облустарга туугандарынын үйлөрүнө чыгып кеткен. Ал эми Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5301 адам коопсуз жайга эвакуацияланган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырдаалдын кесепетинен келтирилген материалдык чыгымдарды тактоо иштерин улантууда. Жергиликтүү Жарандык коргонуу комиссиялары тарабынан жалпы 622 үй жабыркаган болсо анын 427си жашоого жараксыз, 195и ондоп түзөөгө муктаж экени аныкталды. Ошондой эле 11 административдик, стратегиялык объектилер, 8 мектеп, 7 бала бакча, 3 ФАП 323 сарай, 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объектилер талкаланып, өрттөлгөн. Ак-Суу дарыясындагы узундугу 36 метрлик унаа өтүүчү көпүрө жардырылып, 27 автоунаа өрттөлгөн же талкаланган.
16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Тажикстан да ушундай турумду карманууда.
Кыргызстандын расмийлери "чек арадагы кол салуудан бери дегенде 62 жаранынан айрылганын" билдирген. Алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 74 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазган. Бул маалыматты башка көз карандысыз булактан тактоого мүмкүн болбой жатат.(ZKo)