Кыргызстандын Чек ара кызматы миномет атылганы тууралуу маалыматты төгүндөдү
26-сентябрда Тажикстандын Сомониён айылына кыргыз тараптан миномет атылганы тууралуу маалыматты Кыргызстандын Чек ара кызматы төгүндөдү.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы чек арада абал туруктуу экенин маалымдап, маалымат каражаттарына чыккан кабарды четке какты.
26-сентябрда "Озоди" радиосу Исфара шаарынын Чорку айыл аймагынын Сомониён айылынын тургундарына шилтеме кылып, кыргызстандык аскерлер миномет атканын, андан жергиликтүү тургун жарадар болгонун жазган. Маалыматта эртең менен саат ондор чамасында кыргыз чек арачылары аткан үч минометтун снаряды жарылганы айтылган.
14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү да ушундай эле айыпты койду.
25-сентябрда эки өлкөнүн атайын кызмат башчылары жетишкен келишимге ылайык, Бишкек менен Дүйшөмбү кыргыз-тажик чек арасында төрттөн (жалпы сегиз) постту алууга макулдашты.
Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 62 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашып, алардын көбү айылдарына кайта баштады.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирген. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 74 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазган.
Бул маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда.