Эркин медиаларга каршы митинг кимдин буюртмасы?
Бүгүн, 13-октябрда Бишкекте “Азаттык Медианын” кеңсесинин алдына 40тай киши чогулуп, “Азаттык”, “Клооп”, “Кактус Медиа” жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) жабылышын, бейөкмөт уюмдардын ишинин чектелишин талап кылышты.
Алар аталган медиалар "туура эмес маалымат берип жатат" деген пикирин билдирип, "чет элдик агенттер" жөнүндөгү мыйзам тез арада кабыл алынышы керектигин айтышты.
Акцияда өзүн Илимбек Исраилов деп тааныштырган катышуучу 2015-2017-жылдары Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болгон, 2020-жылы октябрда бийлик алмашкандан кийин коррупцияга барганын моюнуна алып камалып чыккан Райымбек Матраимовду колдоо акцияларына чыгып жүргөнү менен белгилүү. “Азаттык” радиосу ага чейин Матраимовдун тиешеси бар жемкорлук иштери тууралуу бир катар иликтөөлөрдү жарыялаган.
Бүгүнкү акцияда Исраилов аталган медиалардын жабылышы үчүн кол топтой турганын, кийинки келгенинде кабарчыларга күч колдонууга чейин барарын айтты.
Журналисттер акциянын катышуучуларын видеого, сүрөткө тарталы десе баары бетин жаап, эмне талап менен турганы тууралуу суроолорго жооп берүүдөн баш тартышты.
12-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев депутат Надира Нарматова "Клооп", "Азаттык" жана “Кактус Медиа” ЖМКларын жабуу тууралуу кол топтоп жатканын билдирген. Нарматова өзү бул сөздөрдү четке кагып, алар эч негизсиз экенин айтып чыккан.
Эркин медиаларды жабуу тууралуу сунуш бир катар эл өкүлдөрүнүн, саясатчылардын жана жарандык коомдун нааразылыгын жаратты.
"Ак шумкар" саясий партиясынын лидери, мурдагы премьер-министр Темир Сариев "Азаттык" радиосунун, "Клооп", "Кактус Медиа" жана башка айрым маалымат каражаттарын Кыргызстанда жабууну талап кылган демилгени сындан корккондордун гана максаты деп билдирди.
"Сын пикирден эч качан коркпош керек жана сынды эч качан тыйбаш керек. Бийликке келген адам өзү "ачуусун көтөрөм, жаманын көтөрөм, жакшысын тең бөлүшөм" деп айтат. "Азаттык" такталган маалыматты гана чыгарат жана эки тарапты тең камтыйт. Бүгүнкү "чалгынчылык кылып жатат, туура эмес берип жатат" деген сөздөр бул "Азаттыктын" сыны жакпагандардын шылтоосу", - деди Сариев.
Саясатчы "Азаттык" радиосу эл аралык журналистиканын тең салмактуулук жана бейтараптык стандарттарын сактап, эки тарапка тең бирдей микрофон сунуп келерин белгилеген.
Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев парламенттин бүгүнкү 13-октябрдагы жыйынында Кыргызстанда, Баш мыйзамга ылайык, сөз эркиндигин чектеген мыйзамдар кабыл алынбашы керектигин жана анын толук кепилдиги бар экенин белгиледи.
Акыркы күндөрү айрым депутаттар жана коомдук ишмерлер “Азаттык медиа”, “Кактус”, “Клооп” жана башка эркин медиаларды каралап, аларга бут тосуу болуп жатканын айткан депутат мындай демилгелерге жол берилбеши керектигин кошумчалады.
“Ар ким өзүнүн ишин кылышы керек. Кайсы бир медиа мекеме каякка кеңсе ачат, канча адамды ишке алат, эмне, ушул жерде отурган депутаттар чечеби? Ошого чейин, штаттык санына чейин кийлигишебизби “Жабылышы керек, андай кылышы керек” деп? Ошончолук төмөн деңгээлге түшпөшүбүз керек. Ар кимдин өзүнүн жумушу бар. Депутат мыйзам чыгарат. Буга чейин далай бийликти көргөнбүз. Төрт президент. “Азаттыкты”, ушундай эркин медиаларды каралайбыз дегендер азыр каякта? Бирөө да жок. Качкандары чет өлкөлөрдө качып жүрүшөт. Бийлик убактылуу. Ушул жерде эркин медиаларды, журналисттерди, блогерлерди каралагандардын баары кызматтан кеткенден кийин ошолордун босогосунда сагалап турганын көргөм далай жолу “Мени угуп койгулачы, мени каралап жатышат” деп. “Азаттыкта” да, “Кактуста” да жана ошого окшогон эркин медиалардын баарында кыргыздын ак ниет, чынчыл, адилеттүү уул-кыздары иштейт”.
Сөз эркиндигин чектөө ой-пикирди ачык билдирүүгө болгон кысым деген пикирин бүгүн 13-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо билдирди:
“Бизде бүгүн сөз эркиндигин чектөөгө шымаланып бараткандарды көрүп жатабыз. Сөз эркиндиги чектелсе эртең биздин тилибиз кыркылып калат. Демократиялык өлкө болгондон кийин бул өзүбүздүн ачык ой-пикирибизге болгон кысым деп эсептелинет”.
Сөз эркиндигине каршы митингге жарандык коомдун реакциясы
Социалдык медианын колдонуучулары эркин медиаларды жабуу менен "Азаттык" радиосунун кеңсесинин алдына чыккандардын митингин сындап, Кремлден келген ишарат, айрым диктатор лидерлердин Кыргызстандын эркин медиаларын жок кылуу буюртмасы катары баалап жатышат. Айрымдары мурдагы президенттердин эркин медианы жабуу аракети эмне менен бүткөнүн эске салышууда.
Таттуубүбү Эргешбаева:
Бийликтин сөз эркиндигине каршы кылмыштуу аракеттери:
Садыр Жапаровдун режими келгенден бери Кыргызстанда сөз эркиндигин чектөө этап-этабы менен башталды.
Айтып кетсек:
Биринчиден, фейк боюнча мыйзам кабыл алынып, ишке кирди;
бир катар беренелер боюнча жазык укук бузуулар үчүн жоопкерчиликтин мөөнөтүн жана чарасын күчөттү:
президенттик администрация ЖМКлар боюнча жаңы мыйзам чыгаруу демилгесин лоббирлөөдө, жада калса интернет мейкиндигин жана блоггерлерди жөнгө салууну каалап жатышат;
Иш жүзүндө буга чейин бир катар журналисттер жана блогерлер репрессияга кабылышкан (next tv, 24.kg, azattyk.kg, айрым блоггерлер жана активисттер). Бийлик блогу жана соттор жазалоо чараларын колдонушат;
Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктары боюнча позициясы жок болгондуктан, ушул ачыкка чыгаргандар “күнөөлүү” болуп калым жатышат…
Али Токтакунов:
Ууру митинг
Бүгүн "Азаттыктын" алдында плакаты менен бетин жапкан, маска тагынган, кара очкилердин митинги өттү. Чындыкты айтып, өзүнө ишенген адам эч качан жаап-жашырынбайт. Көзүңө тике карайт, мизбакпайт. Бул кыргыздын мүнөзү. А булар турушу менен эле арам ойлуулардын айдакчысы экенин далилдешти. Демек "Азаттык", "Клооп", "Кактус" баштаган журналисттер дагы бир уурунун сары изине түшкөн экен. Демек журналисттер чын сүйлөп, коррупционерлердин уурдаган акчасы сиңбей аткан экен. Демек журналисттер чек ара сыяктуу талылуу маселени унуттурбай жазып, элдин таламын талашып аткан экен.
Же журналисттер жериңди сатып, элиңди атып жатабы?
Урматтууларым, тандагыла - ууру мененсиңерби, же эл мененсиңерби?
Журналист жакпаса жазганын окуба - кутулдуң. А эгер окуп атсаң анда ишенгениң. "Азаттыктын" Ютубда 1.8 млн, Инстаграмда 2,3 млн, орусчасынын 950 миң подписчиги бар. Мамлекеттик бир дагы медианыкы буга караандабайт. Бул элдин кимге ишенгенинин көрсөткүчү. Мындай статистиканын жанында бир ууч бузуку топтун кыйкырыгы шоона эшпейт.
Ошондуктан мен Элге, активисттерге жана өз кесиптештериме кайрылам, бүгүн "Азаттыктын" оозун жапса, эртең баарыбызга келишет. Тажикстан болуп калыш бир паста эле. 30 жылдагы башкы жетишкендигибиз - сөз эркиндигибизди сактап калалы. Талатпайлы. Ууруларга, алардын жетим жүгүрүктөрүнө, пахтакор-арзыматтарга, миңсомдук саткындарга каршы бир муштум болууга чакырам.
Булар ушинтип митинг кылсак коркуп калышат десе катуу жаңылышат. Тескерисинче күчөйбүз, заказчылардын лично ар бири жөнүндө курч иликтөөлөр чыгат.
Аскер Сакыбаева:
ТАКТАН БУТ ТАЯРДА "АЗАТТЫККА", СӨЗ ЭРКИНДИГИНЕ АСЫЛЫШЧУ ЭЛЕ
Кыргыз бийлигине, айрым катмарга эч нерсе сабак болбойт экен, капырай! Азыр "Азаттык", "Клооп", "Кактус" жабылсын деген кыйкырыктар Акаевдин, Бакиевдин, Атамбаевдин убагында деле болуп келген.
Акаевдин бийлиги убагында мен иштеген "Асабаны" жабыш үчүн эчен айла амалдарды жасаган. Салык кызматын тукурган, далай аткаминерлерге сотко бердирген, ар кандай айла-амал менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө аракет кылган. Мен алардын баарын көргөм, менден башка дагы далай киши көргөн, күбөлөр баары тирүү. "Асаба" жабылган менен ордуна "Агым" чыккан. Ал эми "Азаттыкты" ар кайсы телеканалдардан, радиолордон алдырып салышканы болбосо, эч качан жаптыра алышкан эмес, себеби колдорунан келбейт.
Бакиевдин убагында деле ошондой көрүнүш кайталанды, журналисттер чет өлкөгө качты, сабалды, өлтүрүлдү, бирок "Азаттык" жабылган жок.
Атамбаев өз бийлигинин тушунда "Азаттыкты" 30, 40 миллиондотуп өзү баштап сотко берди. Бирок жаптыра алган жок.
Жээнбеков болсо "Азаттыктан" "факты барбы?" деп жүрүп өттү. ЖМК менен кармашканга убактысы тар болду.
Эми Садыр Жапаровдун тушунда баягы эскирген обон ОБОНдордун бетин жапкан айдактоосу менен кайра жаңыра баштаганы жакшылыктын жышааны эмес. Кеч боло электе эсиңерге келгиле, "Азаттыкка" ОБОНдорду тукуруп көшөгө артында отурган кутумдар!
Бийлик келет, кетет, СӨЗ ЭРКИНДИГИ Кыргызстанда дайыма болуп келген, мындан ары да боло берет!
Nuriẏa Ürkünbaẏ
"Кимдер чыккан", "белгисиз", "жүздөрүн жашырып жатат" деп жатышат.
Муну билиш оңой эле.
"НПОчулар", "батыш", "жогол",... — деп кимдер айтат?
Совокто, капитализмге (жеке менчик: үй, тел, машина) каршылар, социализм (мамлекеттик менчик, мамлекеттик үй, мамлекеттик тел, мамлекеттик машина) каалагандар, НПОго (өкмөттүк эмес уюм) каршы болгондор өкмөттүк уюмду жактагандар, демократияга (эл бийлиги) каршы болгондор административдик вертикалдык, тоталитардык башкарууну каалагандар, согушту колдогондор, путиноид, зомбилер, орускулдар кыргыз тилди жек көргөндөр...