Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2022

Акыйкатчы институтунун орду жана ролу: 20 жылдык тарых

0
Акыйкатчы институтунун орду жана ролу: 20 жылдык тарых

Кыргызстанда Акыйкатчы институтунун түзүлгөнүнө 20 жыл толду. Жарандардын укуктарынын мамлекеттик органдар тарабынан бузулушунан коргогон ыйгарым укуктуу орган кандай иш алып барууда? Көз карандысыз институт экенин далилдей алдыбы?

"Колубуз кыска болуп калууда"

Акыйкатчы (Омбудсмен) институту - жөнөкөй жарандардын укуктарынын мамлекеттик органдар тарабынан бузулушунан коргоочу ыйгарым укуктуу, көз карандысыз мекеме.

“Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмен) жөнүндө” мыйзамы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу палатасынын жыйынында кабыл алынып, ошол кездеги президент Аскар Акаев тарабынан 2002-жылдын 31-июлунда мыйзамга кол коюлган. Ушул эле жылы 21-ноябрда акыйкатчыны шайлоо өтүп, Турсунбай Бакир уулу жеңип чыккан.

Бул көз карандысыз органдын жетекчисин парламент шайлайт жана ал парламентке гана отчет берет. Акыйкатчынын макамы менен укуктары Баш мыйзамда, ошондой эле бир катар ченемдик-укуктук актыларда бекемделген.

Коомчулукта Акыйкатчы институтуна карата бир кылка пикир жок. Айрымдар өз миссиясын так аткарбай келгенин сынга алса, кээси мыйзамда жазылганы менен иш жүзүндө аткарылбай калган жагдай бар деп эсептейт. Омбудсмен Атыр Абдрахматова муну өзү дагы моюнуна алып, айрым мыйзамдык өзгөртүүлөр зарыл экенин белгиледи.

“Биздин колубуз кыска болуп калууда. Анткени биз адам укуктарынын бузулушун каттаган учурда мамлекеттик органдарга көңүл буруу актысын киргизебиз. Бирок бул сунуштама катары эле болот. Мамлекеттик мекемелер кааласа аткарат, болбосо жок. Тилекке каршы, аткарылбай калган иштер көп. Ошондуктан Акыйкатчы институту боюнча мыйзам өзгөрүш керек. Биз ошонун үстүндө иштеп жатабыз. Акыйкатчынын макамын бекемдеш керек. Андан тышкары колубуз жетпей жаткан учурларды Жогорку Кеңешке киргизмей болдук. Аларда чара көрүү укугу бар”,-деди Абдрахматова.

Укук коргоочулар Кыргызстанда адам укугунун эң көп бузулган учурларын  ИИМ, Жаза аткаруу, сот системасындагы абал менен байланыштырып келет. Кыйноолорго каршы улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков Омбудсмен институтунун толук кандуу иштеши абдан чоң мааниге ээ деди.  

“Мамлекеттин түзүлүшүндө акыйкатчынын бардыгы, анын толук кандуу иштеши абдан чоң мааниге ээ. Демократиялык коомду түзүүгө көрүлүп жаткан аракет. Соңку 20 жылдан бери Акыйкатчы институтунун жетишкендиктери көп болду. Алдыда алар жасай турган иши абдан көп. Мисалы, бизде жарандык укуктар боюнча көйгөйлөр абдан көп. Өзгөчө күч органдары тарабынан адам укугу бузулуп келет. Бул жерде дагы бир нерсени эске сала кетиш керек. Коомчулук укуктардын сакталышы боюнча пикирин так билдирип турбаса, акыйкатчы жетиштүү деңгээлде жыйынтык бербейт”.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов да Кыргызстанда адам укугуна байланышкан көптөгөн маселе бар экенин белгилеп, бирок ошонун баарын акыйкатчы эки-үч кишинин саясий укугу менен чектебей, жалпы карашы керек дейт.   

“Бизде көйгөй өтө көп. Азыркы учурда бизге үнү, добушу жетпеген жүз миңдеген киши бар. Ошону акыйкатчы алып чыкса болот эле дейбиз. Атыр Абдрахматова өзү билет, Акыйткатчы - парламенттик институт. Кандай болсо дагы биз демократиялык мамлекетпиз, өнүгүү жолундабыз. Азыркы учурда саясий укуктар камсыздалган. Бирок азыркы кезде мамлекетибизди калыптындырып, экономикалык, социалдык, маданий укуктарыбыз, канча деген маселе турат. Ушунун баарын эле эки-үч кишинин саясий укугуна чектеп койбостон, жалпы 7 млн. калктын адам укуктарына көңүл бурушубуз керек деген ойдомун”.

Бишкекте 23-октябрда бир катар жарандык активисттер менен саясатчылар "массалык тополоң уюштурууга даярданган" деген шек менен жапырт кармалып, үйлөрү тинтилген учурда омбудсмен Атыр Абдрахматова активдүү иш алып барганын белгилей кетсек болот. Соцтармактар аркылуу билдирүүлөрдү жасап, активисттер кармалган милиция бөлүмдөрүнө Акыйткатчы институтунун кызматкерлерин жөнөткөн.

20 жылда алты акыйкатчы

Кыргызстандагы Акыйкатчы институтунун тарыхында алты киши бул кызматка барды.

Биринчи акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу расмий түрдө 2002-жылы 13-декабрда кызматына киришкен.

2008-жылдын 14-февралында Жогорку Кеңеш белгилүү укук коргоочу ​Турсунбек Акунду акыйкатчы кылып шайлайт.

 Акун 2013-жылы экинчи мөөнөткө шайланган. Бирок “мыйзамдагы ууру” аталган Азиз Батукаевдин иши боюнча акыйкатчы Турсунбек Акундун ишмердүүлүгүн текшерген депутаттык комиссия аны мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу чечимин кабыл алган. Аталган комиссия Турсунбек Акун "бюджет каражатын туура эмес пайдаланды, Акыйкатчы институтундагы айрым кызматкерлерди мыйзамсыз кетирди, өзү каалаган адамдарга "Акыйкатчынын кеңешчиси" деген күбөлүк берди" деген негизде ушундай чечим кабыл алган.

Турсунбек Акун журналисттерге берген маегинде, “Батукаев айыккыс ооруга чалдыкканы, дарыланышы керектиги тууралуу маалыматты Коргоо кеңешинин мурдагы катчысы Бусурманкул Табалдиев телефон чалып өтүнгөндүктөн гана бергенин” айтканы бар.

Айрым депутаттар бул иште акыйкатчы жөн эле "садага чабылганын” да айтып чыгышкан.

2013-жылдын 31-октябрында Жогорку Кеңеш акыйкатчы кылып Бактыбек Аманбаев шайлаган. 2015-жылы парламент аны мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу жөнүндөгү чечимди кабыл алат. Бул Аманбаевдин отчетун көпчүлүк депутаттар колдобогону менен түшүндүрүлгөн.

Аманбаев болсо “Жогорку Кеңеш акыйкатчыны кызматтан кетирүүдө мыйзам бузду” деп айтып чыккан.

“Комиссия түзүп, иликтеп алса деле мен макул болмокмун. Бул институтту жакшыртайын деген ниетим бар болчу, аным ишке ашпай калды”,-деген ал.

2015-жылдын 30-декабрында парламент көпчүлүк добуш менен акыйкатчы кызматына Кубат Оторбаевди шайлаган.

Ал 2018-жылы 26-июнда өз каалоосу менен ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

Ушул эле жылы сентябрда 65 жаштагы генерал Токон Мамытов Кыргызстандын бешинчи акыйкатчысы болуп шайланат.

Ал коопсуздук кызматында, коргоо кеңешинин катчысы, президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары, Чек ара кызматынын жетекчиси болуп эмгектенген.

Мамытов 2021-жылдын октябрь айында парламенттик шайлоого катышкандыгына байланыштуу кызматын тапшырган.

Кыйла убакытка бош туруп калган акыйкатчы кызматына 2022-жылы март айында 41 жаштагы юрист Атыр Абдрахматова шайланды.

Жогорку Кеңеш төрт талапкердин ичинен Абдрахматовага көпчүлүк добушун берген. Ал өзүнүн программасында сөз эркиндиги, жарандардын социалдык укуктары, билим алуу, миграция маселеси, сот акыйкаттуулугуна жетүү багытында иш алып барарын убада кылган.

Кыргызстанда 2018-жылы Бизнес-акыйкатчы институтун – ишкердик субъектилердин укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу жакты түзүү жөнүндө өкмөт токтому чыккан.

2019-жылы биринчи бизнес-акыйкатчы болуп, 54 жаштагы Робин Орд-Смит шайланган.

Ал Британиянын Кыргызстандагы элчиси болуп 2015-жылдын июнь айынан 2019-жылдын башына чейин иштеген. Элчиликтен кетип, Бизнес-акыйкатчы болгонго чейин Кыргызстанда жашаган. Ал быйыл сентябрда 57 жаш курагында көз жумду.

Акыйкатчы институтунунун тарыхы

Бул институтун тарыхына токтолсок, дүйнөдө анын пайда болгонуна 200 жылдан ашты.

Алгач ирет Акыйкатчы институту XVI кылымда Швецияда пайда болгон. Падыша Карл XII мамлекеттик кызматкерлердин жана соттордун арасында тартипти орнотуу үчүн Акыйкатчы кызматын түзгөнү айтылат. Анын көзү өткөндөн кийин 1718-жылы Швецияда парламенттик башкаруу орноп, бир нече жыл аралыгында Юстициянын канцлерин парламент дайындай баштаган. Бирок ортодо падышалык бийлик үстөмдүк кылып кеткен учурлары болгон. 1809-жылдан кийин гана Баш мыйзам менен бекитип, Юстициянын акыйкатчы институту түзүлүп, падышага баш ийген юстициянын канцлеринен таптакыр бөлүнгөн.

Канцлер падышанын кызыкчылыгын коргосо, акыйкатчы бийликтеги кызматкерлер тарабынан болгон мыйзам бузуулардан карапайым адамдардын кызыкчылыгын коргоо милдетин алган. Ошондон тарта дүйнөдө анын табияты өзгөргөн жок. Бирок миссиясын ким кандай аткарып жатканы албетте, башка маселе.

Учурда дүйнөнүн 100дөн ашуун мамлекетинде иштейт. Албетте, миссиясын кандай аткарып жатканын салыштыруу менен гана айтууга мүмкүн.

Борбор Азияда Омбудсмен институту Өзбекстанда 1995-жылы мыйзамдык базанын жоктугуна карбастан түзүлгөн. Өзбекстан Компартиясынын биринчи катчысынын кызы, химик-окумуштуу Рашидова Сайера Шарафовна бул кызматка бекитилген.

Казакстанда ошол маалдагы президент Нурсултан Назарбаевдин кепилдиги алдында тургандыктан “президенттик омбудсмен” деп аталат. Түркмөнстанда 1996-жылы президентке баш ийген Демократия жана Адам укуктарынын улуттук институту түзүлгөн.

Тажикстанда расмий институт 2008-жылы пост-советтик аймакта эң акыркы болуп түзүлгөн.







В Подмосковье сотрудники Росгвардии спасли пожилого мужчину, который оказался один дома и плохо себя почувствовал

За один день работники Уссурийского ЛРЗ и их дети выполнили сменно-суточное задание по ремонту 129 паровозиков

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: В Московском регионе более 62 тысяч семей распорядились материнским капиталом через банки

Яндекс, А.С. Пушкин, Святой Ленин ведут следствие. Настоящая сенсация! 225 лет А.С. Пушкину.


Уникальный интерактивный проект Ставропольской психиатрической больницы на выставке-форуме «Россия»

Джомба, суттуг шай, кучу и другими видами чая в регионах России могут насладиться российские туристы

Как избежать больших проблем при одиночном путешествии: туристкам дали важные советы по безопасности

Областная наркологическая больница запускает летнюю профилактическую кампанию для юных свердловчан


Discover Tintex: A Hub for Premium Car Care and Customization

A Deep Dive into Realistic Doll Manufacturers

Andy Murray cracks brutal joke as Brit star’s Wimbledon preparations are disrupted by bizarre injury 

Walmart adds employee bonus for hourly US workers


Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: С начала года более 4,7 тысячи жителей Московского региона оформили страховую пенсию в автоматическом режиме на портале госуслуг

Мобилизованного свердловчанина приговорили к 23 годам "строгача" за подрыв гранаты в казарме

Игровое кресло Bloody GC-670 настроено на победу

Глазово


Показ геймплея тактики SteamWorld Heist II

Мафия-НН: Все в сборе, правила с тревогой выслушаны, роли прочитаны, и сразу же в бой!

How to watch the 2024 PC Gaming Show: our 10th annual summer showcase

Concord is skipping free-to-play and pulling a Helldivers 2 instead: $40 for the full game with all 16 heroes at launch



Смертельная ревность. Что известно об «убийце с автоматом»

Два человека пострадали в ДТП с автозаком в Москве

В Москве прошла Премия-практикум «Харизма Года»

«Солнечная Азбука» в особом семейном центре «Семь-Я»


Эксперт рассказала о важности развития спортивных кластеров 

Яндекс, А.С. Пушкин, Святой Ленин ведут следствие. Настоящая сенсация! 225 лет А.С. Пушкину.

За один день работники Уссурийского ЛРЗ и их дети выполнили сменно-суточное задание по ремонту 129 паровозиков

Москвичи смогут узнать о состоянии родных в реанимации через СМС-сообщения


Собянин: В Москве будет построен уникальный завод по производству медпрепаратов

Лесничие и студенты Можайска провели субботник у истока Москвы-реки

Пробки на дорогах Подмосковья оценили в 4 балла вечером 7 июня

Клиники «Будь Здоров» — в лидерах рейтинга лучших клиник 2ГИС


«Янника Синнера очень рано сравнивать с Роджером Федерером» // Тренер мужской сборной России по теннису Игорь Куницын — о главных событиях Roland Garros

Экс-теннисист Ольховский: Рублев не успел набрать форму на "Ролан Гаррос"

Джокович снялся с Открытого чемпионата Франции по теннису

Превзойдет саму Шарапову? юная Мирра Андреева наступает на пятки звездам тенниса


Лесничие и студенты Можайска провели субботник у истока Москвы-реки

Собянин: В Москве будет построен уникальный завод по производству медпрепаратов

Работа мечты. Авито и центр «Профессии будущего» объединят усилия

Общественные деятели, артисты и спортсмены Москвы участвовали в акции #ПушкинРусскийАлфавит


Музыкальные новости

Волочкова заявила, что введение дресс-кода для артистов вызовет обратный эффект

Концерт «Пой, танцуй!» состоится 19 июня в Новокосино

Определят победителя на конкурсе театральных коллективов школ в УЛАН-УДЭ нс конкурсе детей Алтан Баг - Театр, Новости и Культура, Дети, Россия

Оркестр штаба Тихоокеанского флота выступил в столице БАМа


В Москве прошла Премия-практикум «Харизма Года»

«Солнечная Азбука» в особом семейном центре «Семь-Я»

В Подмосковье сотрудники Росгвардии спасли пожилого мужчину, который оказался один дома и плохо себя почувствовал

Два человека пострадали в ДТП с автозаком в Москве


Карьера пошла в горы: почему Путин отправил Турчака в Республику Алтай

«Россети» проверили надежность транзита, от которого зависит системная надежность электроснабжения юга Хабаровского края и Приморья

Жители разных регионов России в Череповце будут вырезать композиции, посвященные семье

Погружение в современное российское искусство – стартовал 3-ий фестиваль «Территория. Красноярск»


В Москве автозак с людьми перевернулся на дороге

Сотрудники Росгвардии пришли на помощь попавшей в ДТП несовершеннолетней девочке в Йошкар-Оле

Два человека пострадали в ДТП с автозаком в Москве

Автомобиль столкнулся с мотоциклом на 51-м километре Калужского шоссе


Крестьянин или князь: откуда идет род семьи Путина

Захарова объяснила слова Путина о поставках оружия в другие страны

Орбан посоветовал "не дергать русских за усы"

Эксперт Михаил Александров: Далекие от реалий мифологемы




Уникальный интерактивный проект Ставропольской психиатрической больницы на выставке-форуме «Россия»

Клиники «Будь Здоров» — в лидерах рейтинга лучших клиник 2ГИС

В Швейцарии завершился чемпионат Европы по спортивной и фитнес-аэробике

На ПМЭФ Москва и Буэнос-Айрес договорились о поставках инсулина


AFP: Байден объявил о выделении Киеву помощи на 225 млн долларов


В Швейцарии завершился чемпионат Европы по спортивной и фитнес-аэробике

Академия Плющенко требует почти два миллиона со сбежавшей от них юной спортсменки

Поражения Шубенкова и Савлукова, осечка Кнороз и двойной триумф Макаренко: чем запомнился «Мемориал Знаменских»

«Столото» подписал соглашение в развитие стратегической поддержки комплекса ГТО и многоборья ГТО



Мэр Москвы и глава Башкортостана подписали соглашение в рамках ПМЭФ

Мэр Москвы договорился о создании роботизированного завода по производству грузовых автомобилей

Сергей Собянин рассказал о реализации проектов КРТ в столице

Собянин: Завод по производству препаратов из плазмы крови человека появится в РФ


Лесничие и студенты Можайска провели субботник у истока Москвы-реки

Сервис email-маркетинга DashaMail интегрировал в свою экосистему конструктор виджетов LeadPlan

Жара вновь бьёт рекорды. Повторится ли аномальное лето 1972 и 2010 годов?

Багреева: Глобальные климатические цели могут быть достигнуты при участии городов


Общественные деятели, артисты и спортсмены Москвы участвовали в акции #ПушкинРусскийАлфавит

Приемная кампания в колледже «Подмосковье» стартует 20 июня

Собянин: В Москве будет построен уникальный завод по производству медпрепаратов

Двое велосипедистов открыли стрельбу по полицейским в Домодедове


Архангельск стал базовой площадкой для проведения окружного спортивного форума

Торговые настольные электронные весы CAS PR-15P

Лед тронулся. Как волонтер из Ульяновска попала на «Арктику» и кому поможет портрет Карамзина

Терминал сбора данных (ТСД) промышленного класса SAOTRON RT42G


Глава Росавиации рассказал о перспективах открытия аэропорта Краснодара

Клубный дом "Моне" - особый статус в центре Симферополя

Глава Росавиации: возобновление работы закрытых с начала СВО аэропортов пока не ожидается

Литературно-краеведческая программа «Не может быть Родина малой, с такою великой душой!»


Двое велосипедистов открыли стрельбу по полицейским в Домодедове

Финалист КХЛ подписал суперзвезду! Радулов разрушит «Локомотив» или выиграет Кубок Гагарина?

«Будь он проклят, этот понтон», – погибшую 28-летнюю актрису Анастасию Голикову оплакивают коллеги

Лесничие и студенты Можайска провели субботник у истока Москвы-реки














СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *