Баткендеги акыркы чек ара чырын эки тарап иликтейт
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы акыркы окуяга байланыштуу 3-декабрда Баткен районунун Дахма участкасында эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү жолугушту.
Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, жолугушууга Ички иштер министрлигинин (ИИМ) жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери да катышты.
“Тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын тургундарынын мушташынын чоо-жайын изилдеп чыгышты. Жолугушуунун жыйынтыгында чек арага жакын жайгашкан айылдардын тургундарынын ортосунда провокацияларга жана кырдаалдын курчушуна жол бербөө боюнча макулдашылды. Мушташ фактысын Ички иштер министрлигинин аймактык органдары иликтейт. Мындан тышкары бул аймакка ИИМдин кошумча отряддары жиберилет”, - деп айтылат маалыматта.
Азырынча чек арадагы соңку чыр тууралуу Тажикстандын бийлиги расмий маалымат бере элек.
3-декабрда Баткен районундагы Көк-Таш айылында кыргыз-тажик чек арасында жергиликтүү тургундардын ортосунда чыр чыгып, эки тарап бири-бирине таш ыргыткан.
Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев жаңжалдан Кыргызстандын жараны Нурсултан Сайфулло уулу жараат алып ооруканага жеткирилгенин билдирди.
“Озоди” радиосу Тажикстандын Сомониён айылынын тургундары чек арада чыр чыкканын ырастаганын жана андан Тажикстандын жараны Хизбулло Окилзода жараат алып ооруканага түшкөнүн жазды.
Быйыл 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда Кыргызстандын 63 жараны курман болгон. Анын 48и аскер кызматкери, 15и жергиликтүүлөр. Андан тышкары 206 киши ар кандай жараат алган.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жараат алганын билдирсе, “Озоди” өз булактарына таянып, каза болгон делген 80ден ашык кишинин тизмесин жарыялаган.
Куралдуу кагылышуу үчүн эки тарап бири-бирин "агрессияга" айыптаган. (BTo/JsA)