Баткенде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкты
3-декабрда Баткен районундагы Көк-Таш айылында кыргыз-тажик чек арасында жергиликтүү тургундардын ортосунда чыр чыгып, эки тараптан тең адамдар жараат алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди. Анын сөзүнө караганда, чыр түшкү саат 12лерге жакын болгон.
“Согд облусунун губернатору Раджаббой Ахмадзода менен сүйлөштүм. Тынчтыкты кармайбыз деп тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери жолугушуу өткөрүп жатат. Абал тынч. Адамдар бири-бири менен айтышып уруша кетип, соңунда таш ыргытышкан”, - деди Алимбаев.
Тажикстандын Сомониён айылынын тургундары чек арада чыр чыкканын "Азаттыктын" тажик кызматына ("Озоди" радиосуна) ырасташып, азыр кырдаал туруктуу экенин билдиришти. Окуя тууралуу Тажикстандын бийлиги маалымат бере элек.
Президент Садыр Жапаров 26-ноябрда Элдик курултайда кыргыз-тажик чек арасы боюнча коңшу өлкө менен мунаса табылганын, жакында эки тараптуу сүйлөшүү Кыргызстанда өтөрүн жана анда тиешелүү документтерге кол коюлгандан кийин парламентке алынып келерин айткан.
Быйыл 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда Кыргызстандын 63 жараны курман болгон. Анын 48и аскер кызматкери, 15и жергиликтүүлөр. Андан тышкары 206 киши ар кандай жараат алган.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жараат алганын билдирсе, “Озоди” өз булактарына таянып, каза болгон делген 80ден ашык кишинин тизмесин жарыялаган. (BTo/JsA)