Хорватия келерки жылдан Шенген зонасына кирет
Европа Биримдигиндеги өлкөлөр Хорватияны Шенген зонасына кабыл алуу тууралуу чечимди жактырды. Бул аталган мамлекеттин уюмдун башка мүчөлөрү менен чек ара жана бажы көзөмөлү жоюлат дегенди түшүндүрөт.
Талапкер катары каралып жаткан башка өлкөлөр – Румыния менен Болгарияга карата мындай чечим кабыл алынган жок. Ага Австрия менен Нидерланддын каршылыгы себеп болду. Мурдараак Европарламент жана Еврокомиссия үч өлкөнү тең Шенген зонасына киргизүүнү жактаган болчу.
Хорватиянын Шенген аймагына кирүү чечими тууралуу кабарды аталган өлгөнүн Европа Биримдигиндеги өкүлдөрү Твиттерде жарыялады. Еврокомиссиянын мүчөсү Ильва Йоханссон маалыматты ырастады.
Европа Биримдиги экономикалык, саясий жана аскердик уюм болуп саналат. Бирикмеде учурда 27 мамлекет бар, анын ичинде Хорватия, Румыния жана Болгария да мүчө.
Аталган уюмдун ичинде мындан сырткары Шенген зонасы жана евро валютасы иштеген өзүнчө зона бар. Евробиримдиктин мүчөлөрү саналган Ирландия, Кипр, Болгария, Хорватия, Румыния Шенген зонасына кирбейт.
Ошол эле маалда Шенген аймагына Евробиримдиктен тышкаркы дагы төрт өлкө – Швейцария, Норвегия, Исландия жана Лихтенштейн да кошулат. (ErN)