Эмгек сиңирген машыктыруучу Эркен Акрамовдун сөөгү жерге берилди
Кыргызстандын велоспорт боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу, СССРдин спорт чебери Эркен Акрамовдун сөөгү 19-декабрда Бишкекке коюлду. 82 жаштагы Акрамов 17-декабрда дүйнөдөн кайткан.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдиргендей, ал акыркы убакта катуу ооруп жаткан.
Эркен Акрамов 1940-жылы 8-майда Фрунзе шаарында (Бишкек) төрөлгөн."Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер", "Кыргыз Республикасынын велоспорту боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу" ардактуу наамдарына ээ. СССРдин спорт чебери.
Эркен Акрамов велоспортчу Евгений Ваккерди 1996-жылдан тартып машыктырган. Анын кол астында Ваккер Дүйнө чемпионатынын алтын байгесин (2002-жылы) үч жолу Азия оюндарынын күмүш байгесин (2006, 2010, 2014-жылдары) уткан. Азиянын төрт жолку чемпиону (2007-2008-2011-2012-жылдары) болгон.
Эркен Акрамов кыргыз велоспортунун өнүгүшүнө жана калыптанышына кошкон салымы үчүн "Даңк" медалы менен сыйланган.
Ал белгилүү хирург, окумуштуу, медицина илимдеринин доктору Эрнст Акрамовдун бир тууган иниси болчу. (GT)