Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2025

АКШ өкмөтү америкалык виза берилген 55 миллион адамды текшерет

0

АКШнын Мамлекеттик департаменти буга чейин америкалык визасы жактырылган 55 миллиондой адам ыктымал мыйзам бузууларга барган-барбаганын текшере баштады. Associated Press агенттиги жиберген катка Американын тышкы саясий мекемеси ушундай жооп жөнөткөн.

Текшерүүгө колунда америкалык визасы бар бардык жарандар кабылат. Виза берүүдө эреже сакталбаган болсо, андай визалар жок кылынат, виза мөөнөтү өтүп кеткенине карабай Америкада жүргөндөр депортацияланат.

Мамлекеттик департамент АКШ визасын алып саякаттап келгендер мөөнөтүнөн ашык жүргөн жокпу, коомдук коопсуздукка коркунуч жараткан жокпу, кылмыштуу, же террорчул аракеттерге тиешеси жокпу деп текшерет.

"Колубуз жеткен бардык маалыматтарды, укук коргоо органдарынын, иммиграциялык мекемелердин маалыматын топтоп, виза берүүдө, же андан кийин мыйзам бузулбаганын тыкыр текшерип жатабыз", - деп жазылган Мамлекеттик департамент жөнөткөн катта.

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио 22-августтан тартып чоң жүк ташуучу машинелердин айдоочуларына жумушчу виза берүү токтотулаарын билдирген. "Американын жолдорунда узун прицеп чиркелген трактардын айдоочулары арасында чет элдиктер көбөйүп кеткени - америкалыктардын өмүрүнө коркунуч келтирип, жергиликтүү трак айдоочулардын акча табуу мүмкүндүгүн азайтууда", - деп белгиледи Рубио.















Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *