Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2025

Токаевдин Бишкек сапарында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду

0

22-августта Бишкекте президент Садыр Жапаров менен Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевдин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча бир катар эки жактуу документтерге кол коюлду.

Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы “эки өлкө ортосунда 2025-2027-жылдарга кызматташуу боюнча комплекстүү планын жактыруу жөнүндө” жогорку мамлекеттер аралык кеңештин чечимине кол коюлганын билдирди.

Андан тышкары, 2030-жылга чейин Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүүнү көбөйтүү боюнча жол картасы, эки өлкөнүн ортосундагы ташылуучу автотранспорт жана товарлар жөнүндө меморандум өңдүү документтер кабыл алынды.

Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду Казакстандын эң жогорку сыйлыгы – “Алтын кыран” ордени менен сыйлады.

Эки өлкөнүн Мамлекеттер аралык кеңештин жыйынында кыргыз президенти 2030-жылга чейин өз ара сооданын көлөмүн 3 миллиард долларга жеткирүү маанилүү экенин айтты. Ушул тапта эки тараптуу соода-сатыктын көлөмү 2 млрд долларга жакын.

Казакстан Бишкектин соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн арасында Кытай менен Орусиядан кийинки үчүнчү орунда турат. 2023-жылы эки өлкөнүн соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 1 млрд 318 млн долларга жеткен. Анын 35% экспорт жана 65% импорт.

Касым-Жомарт Токаев Бишкекке расмий сапар менен 21-августта келген. (BTo)















Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *