Бишкекте төртүнчү Элдик курултайга 700дөй делегат катышууда. Бул жолу көйгөйлөрдү айткандар менен кошо бийликтин дарегине мактоо жолдогондор басымдуу болууда. Курултайда президент Садыр Жапаров сүйлөп, аялдар менен балдарды коргоо маселесине токтолду.