Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27
28
29
30
31

Садыр Жапаров курултайдын 71 делегаты шайлоодо добуш бергенин айтып алдаганын билдирди

0

Президент Садыр Жапаров IV курултайдын 690 делегатынын ичинен 71и соңку парламенттик шайлоого барганын айтып алдаганын билдирди. Бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазып, алардын аты-жөнүн ачык атабоону чечкенин белгиледи:

"Төртүнчү элдик курултайдын экинчи күнү – бүгүн, 26-декабрда, делегаттардын суроолоруна жооп бердим. Буга чейин делегаттардын бири шайлоого байланыштуу суроолорун берген эле. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого байланышкан маселелерге токтолуп, добуш берүүгө жарандарыбыз активдүү катышпай жатканын да өкүнүч менен белгиледим. Ошону менен катар залга кайрылып, делегаттардын кимиси акыркы шайлоого барганын сурап, баргандары колун көтөрүүсүн өтүндүм. Бардыгы толук кол көтөрүштү. Бул түз эфирде да көрсөтүлдү. Камералар тартып атканын да алдын ала эскерткем. Мени таң калтырганы жана бир аз капа кылганы өз аймактарынан шайланып келген делегаттардын айрымдарынын эч ойлонбостон туруп алдашканы болду. Борбордук шайлоо комиссиясы курултайдын 71 делегаты шайлоого барбаганын тактап берди. Эми аларды уят кылып аты-жөнүн ачыктабай эле коеюн. Ар бири өздөрү деле билишет".

Соңку парламенттик шайлоого жалпы добуш берүүчүлөрдүн 37% жакыны гана катышкан.
Мындан улам Садыр Жапаров Жогорку Кеңешке келип сүйлөгөндө шайлоого элди активдүү катыштыруунун ыкмаларын киргизүүнү, мажбурлап катыштыруу, айып пул салуу өңдүү чараларды колдонуу жагын карап көрүүнү сунуштаган.















Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *