Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27
28
29
30
31

Күйөөсү атып өлтүргөн Жибек Урустемованын уулу бийликке кайрылды

0

Күйөөсү мыкаачылык менен өлтүргөн Жибек Урустемованын тун уулу бийликке кайрылды. Бул тууралуу ал Instagram социалдык тармагындагы өз баракчасыда 26-декабрдын кечинде жазды. Жазылган посттун аныктыгын 27-декабрда "Азаттыкка" маркумдун жакындары ырасташты.

Бекжан Урустемов президент Садыр Жапаровго жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге жолдогон кайрылуусунда апасы каза болгондон кийин аларды бага турган киши эми жок экенин, батир акысы төлөнбөй калышы ыктымал болуп жатканын айтып, жардам берүүсүн суранган:

"Менин апам өмүр бою катардагы мугалим болуп эмгектенип, акыркы 5-6 жылдан бери иштебей үйдө жаткан өгөй атамды жана бизди багып келген. Биз жашап жаткан батир ипотекага алынып, анын акчасын ай сайын апам өзү төлөп жүрчү. Азыркы тапта батир карызыбыз 2 млн сомдун тегерегинде. Бизге жардам берүүңүздөрдү өтүнөм, азыр биздин турмуштук абалыбыз өтө оор болуп турат. Анткени мен студент катары мынча чоң сумманы өз алдымча төлөп бүтө албайм. Биз мамлекеттин колдоосуна муктажбыз".

Ал ошондой эле экинчи жана үчүнчү класста окуп жаткан инилери бар экенин, аларды да багуу үчүн жогорку окуу жайдагы окуусун таштап, иштөөгө мажбур экенин белгилеген.

Азырынча бийлик өкүлдөрүнөн бул кайрылууга жооп боло элек.

Социалдык тармактын айрым колдонуучулары аларга банктык эсеп ачып, каражат чогултууну уюштуруу керек экенин жазып жатышат.

Шектүүнүн карындашы социалдык тармактагы баракчасына жазган постунда бул окуя аларды да нес кылганын, ипотеканын калган акчасын ата-энеси төлөп, батирди балдарына өткөрүп беришерин билдирген.

47 жаштагы Жибек Урустемованы 23-декабрдын кечинде күйөөсү өз үйүндө тапанча менен атып салгандан кийин аял алган жараатынан ошол жерден мерт болгон.

Бул факт боюнча Бишкек милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен кылмыш ишин козгогон.

26-декабрда ишти милиция эмес, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тергей турганы маалым болду. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен борбордук аппаратта тергөө тобу түзүлгөнү, кылмышка шектүү, мурдагы милиция кызматкери ушул мекеменин тергөө абагына которулганы, анын тапанчасы мыйзамсыз экени, Жибек Урустемова милициянын коргоо ордери менен жүргөнү, бирок, ошого карабастан өз күйөөсүнүн колунан ажал тапканы айтылган. (KS)















Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *