Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28
29
30
31

Кытай АКШга Тайванга курал сатканы үчүн санкция салганын билдирди

0

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги АКШнын Тайванга курал сатуу тууралуу чечимин "Кытайдын эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө залака тийгизүүчү" деп атады.
Санкцияга АКШнын 20 аскерий-өндүрүштүк компаниясы, коргонуу тармагындагы корпорациялардын 10 жогорку жетекчиси кирди. Алардын активдери тоңдурулуп, Кытай менен кызматташуусуна жана бул өлкөгө кирүүсүнө тыюу салынат.
Санкция тууралуу чечим 26-декабрдан тартып күчүнө киргени маалымдалды.
18-декабрда АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Тайванга 11,1 млрд долларлык курал сатууга уруксат бергени кабарланган. Арасында HIMARS системалары, танкка каршы Javelin ракеталары, Altius учкучсуз учактары, артиллериялык курал жана аскердик жабдууга керек болгон атайын комплекттер бар.
Кытайдын Тышкы иштер министрлиги мындай чечимди кескин сынга алып, бул АКШ-Кытай дипломатиялык келишимдерин бузарын, өлкөнүн эгемендигине таасирин тийгизип, аймактык бүтүндүгүнө шек келтирерин жана региондогу туруктуулукту солгундатарын билдирген.
1950-жылдары Кытайдын Коммунисттик партиясы менен күрөштө утулуп калган "Гоминьдан" партиясы өлкөнүн Тайван аралында баш калкалап, аны жана анын айланасындагы бир нече аралды өзүнчө мамлекет деп жарыялаган. Алар өздөрүн 1911-жылы түзүлгөн Кытай Республикасынын мураскери катары көрүшөт. Тайван Тайбэй шаарын өз борбору деп санайт.

Ушул тапта Тайванды өз алдынча мамлекет катары 14 гана өлкө тааныйт. Расмий Бээжин аралды өзүнүн бир бөлүгү катары карап, ага каршы саясат жүргүзүп келет. Тайвандыктардын көпчүлүгү аралдын эгемендигин жана демократиялык статусун кубаттайт. (KS)















Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *