Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28
29
30
31

УКМКда маркум Жибектин уулу менен жолугушуу өтүп, ар тараптуу жардам убада кылынды

0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы боюнча мекеменин кеңсесинде маркум Жибек Урустемованын 19 жаштагы тун уулу Бекжан менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы 27-декабрда билдирди:

"Жолугушуудан соң Жибек Урустемованын балдарына ар тараптуу жардам көрсөтүү чечими кабыл алынды. Тактап айтканда, турак жай, ипотекалык төлөмдөр, улуу уулун жумушка орноштуруу жана кичүү балдарды окутуу боюнча жардам берүү каралган. Бул маселе Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын өзгөчө көзөмөлүндө".

Мунун алдында Ташиев Ысык-Көлдө атайын кызматтын бөлүмүнүн имаратын ачып жатып Урустемованын колунда коргоо ордери болгонуна карабай аны сактап кала албай калган укук коргоо органдарынын ишин сындап, мындан ары ушундай окуялар каттала турган болсо айыл өмөт башчысынан тарта прокуратура органдарына чейин жоопко тартыларын эскерткен.

47 жаштагы Жибек Урустемованы 23-декабрдын кечинде күйөөсү өз үйүндө тапанча менен атып салгандан кийин аял алган жараатынан ошол жерден мерт болгон.

Бекжан Урустемов бийликке кайрылып, апасы каза болгондон кийин аларды бага турган киши эми жок экенин, батирдин ипотека акысы төлөнбөй калышы ыктымал болуп жатканын айтып, жардам берүүсүн суранган. Ал ошондой эле экинчи жана үчүнчү класста окуп жаткан инилери бар экенин, аларды да багуу үчүн жогорку окуу жайдагы окуусун таштап, иштөөгө мажбур экенин белгилеген.(KS)















Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *