Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29
30
31

Кыргыз өкмөтү стратегиялык минералдардын тизмесин бекитти

0

Кыргызстан 21 стратегиялык минералдын тизмесин бекитип, аларды өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыкты.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев "Акипресс" агенттигине курган маегинде дүйнөдө стратегиялык минералдарга суроо-талап өсүп жатканын, бирок өлкөдө аларды өндүргөн өндүрүш жок экенине токтолуп, аларды өнүктүрүү боюнча өзүнчө стратегия кабыл алынарын белгилеген.

"Көп өлкөлөр, анын ичинде Америка Кошмо Штаттары, Европа Биримдиги кызыгып жатат. Жакында Лондондогу MINEX Forumга катыштым. Зарыл минералдар боюнча презентацияма кызыккандар көп болду. Алардын бири бул чөйрөдөгү башкы оюнчу Кытай, көптөгөн кытай компаниялары бул минералдарга кызыгуусун билдирүүдө", - деген Машиев.

Министр маегинде Куттуу-Сай (Кутессай) кенинде 60 миң тоннага жакын сейрек кездешүүчү элементтер барын айтып өткөн. Кенди иштетүү үчүн ири компания менен алдын ала макулдашуу барын, бирок дүйнөдө сейрек кездешүүчү металлдарга мамиле өзгөрүп жаткандыктан жаңы өнөктөштөрдү издеп жатышканына токтолгон. Мунун себебин айрым өлкөлөр сейрек кездешүүчү элементтерди иштетүүчү технологияларды сыртка алып чыгууга тыюу салып жатканы менен түшүндүргөн.

Стратегиялык минералдар электромобилдерди, күн панелдерин жана шамал менен иштеген турбиналарды жасоодо колдонулат.

Үстүбүздөгү жылдын 6-ноябрында Вашингтондо АКШ президенти Дональд Трамп менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери катышкан саммит өткөн. Анда чөлкөмдөгү сейрек кездешүүчү жана стратегиялык минералдардын ири запастары талкууланары кабарланган.Ага чейин апрель айында Өзбекстандын Самарканд шаарында Евробиримдик–Борбор Азия саммити өткөн. Анда Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен “Аалам каалгасы” долбоорунун алкагында Борбор Азияга багытталган 12 миллиард евролук инвестициялык пакетти жарыялаган. Евробиримдиктин лидерлери аймактагы беш мамлекет менен транспорт, сейрек кездешүүчү металлдар, энергиянын таза булагы жана санарип байланыш жаатында кызматташууга кызыкдар экенин билдиришкен. (ST)















Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *