Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2025

Адвокат Темирлан Султанбеков шарты жок айып изоляторуна киргизилгенин айтып чыкты

0

Адвокат Нурбек Токтакунов тергөө абагындагы Темирлан Султанбеков акыйкатчы менен жолуккандан кийин аны айып изоляторуна камап коюшканын билдирди.
Ал Фейсбуктагы баракчасына буга анын омбудсмен Жамиля Жаманбаевага бардык укук бузуулар тууралуу даттанганы себеп болушу ыктымалдыгын жазды. Токтакунов мындай жазаны президенттин курултайда айткан сөзү менен дагы байланыштырды.

"Анын сөзүнө караганда, айып изолятору (ШИЗО) ушунчалык тар, колу-бутуңду бүгүп жатууга туура келет. Буту-колун жазып жатышы үчүн ал сыз бетон полго жатууга аргасыз. Үчүнчү күн катары менен, ишемби күнү саат 13:00дон тарта ал сыз жана караңгы жерде жатат. Түрмөгө алып келген тамак-аш, буюмдарды киргизбей, ага табак менен супсак тамак берип жатышат. НКВД тууралуу кинолордон көрсөңөр керек, ага унитаздын жанындагы крандан суу алууну сунушташыптыр. Ал мындай тамак менен суудан баш тартып, ачка отурат. Тергөө абагынын администрациясынын мындай аракеттери президенттин өзү абакта отурганда баарына чыдаганы, айыпталуучулар дагы чыдашы керектиги тууралуу ойлонулбай айтылган сөзүнүн түздөн-түз жыйынтыгы деп эсептейм",-деп жазды Токтакунов.

Адвокат бул жагдайга байланыштуу Акыйкатчы институтуна кайрылганын, түрмө башчысына таасир эте алат деп үмүттөнүп турганын кошумчалады.

Жаза аткауу кызматы бул дооматтар тууралуу азырынча түшүндүрмө бере элек.

Президент Садыр Жапаров соңку курултайда жабык жайлардагы адам укугу бузулган учурлар тууралуу даттанган Ош шаарынан келген делегат, адвокат Айсалкын Карабаевага жооп берген. Анда тергөө абактары курорт эмес экенин белгилеп, өзү бир эмес эки жолу абакта отурганда түрмөнүн шартына даттанбаганын айткан.
Нурбек Токтакунов өткөн аптада мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кичүү уулу, Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Кадырбек Атамбаев тергөө абагындагы "Ички тартип эрежелеринин" сакталышын талап кылгандыгы үчүн абак кызматкерлери анын чачын күчтөп туруп такыр кырып салышканын билдирген. Кадырбек Атамбаев Токтакунов менен жолукканда ушундай эле мамилеге партия лидери Темирлан Султанбеков да кабылганын, чачты стерилизациядан өтпөгөн устара менен кырып жатышканын айтып берген.

Буга байланыштуу Токтакунов бийликке кайрылып, "өтө пастык менен өч алуу деген сөзгө калбаш үчүн" мындай мамилеге, "кемсинтүүчү зомбулукка" жол берген кызматкерлерди катуу жазалоого чакырган.
Жаза аткаруу кызматы бул дооматтарды жокко чыгарган.

Темирлан Султанбеков жана Кадырбек Атамбаев Ички иштер министрлиги быйыл 22-ноябрда “бийликти басып алууга” жана “массалык башаламандыкка” айыптап кармаган бир топ кишинин арасындагылар. Алардын жакындары мындай кинени четке кагышкан.

Экөө тең Бишкектеги биринчи тергөө абагында (СИЗО-1) кармалууда.















Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *