Аяз Баетовдун Министрлер кабинетинин төрагасынын убактылуу орун басары макамынын мөөнөтү узарды
Президент Садыр Жапаров юстиция министри Аяз Баетовго Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары макамын убактылуу берүү боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу маалымат 30-декабрда президенттин сайтына чыкты.
Мындай чечим мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга жана бюрократиядан арылтууга багытталган реформаларды улантуу үчүн кабыл алынганы жазылган. Анын алкагында Баетов мамлекеттик бийлик органдарынын өз ара аракеттенүүсүн координациялоо жана камсыз кылуу боюнча ыйгарым укук алат. Ошондой эле келерки жылдын 1-июлуна чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары макамында болот.
Жарлыкка ылайык, Баетов буга чейин айкалыштыруу менен жетектеп келген президентке караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун директорунун кызмат ордунан бошотулду.
Ушул жылдын март айында кыргыз өкмөтү алты айдын ичинде мамлекеттик башкаруyну кескин реформалап, бири-бирин кайталаган мамлекеттик мекеме-уюмдарды жоюу, бюрократия менен ашыкча чыгымдарды азайтуу планын жарыялаган.
Буга байланыштуу президент Садыр Жапаровдун атайын жарлыгы да чыккан. Документке ылайык, юстиция министри Аяз Баетов Министрлер кабинетинин төрагасынын убактылуу орун басары болгон. Бул макам ага 2025-жылдын 1-октябрына чейин берилген.
