Жаңы жыл алдында Газада эптеп күн көрүп жаткандардын чатырларын катуу шамал учуруп кетти. Анклавдагы гуманитардык кыйын кырдаалга Британия, Франция, Канада баш болгон ондон ашуун мамлекет тынчсыздануусун билдирди. Ошол эле маалда Израил Газада иштеген жыйырмадан ашык гуманитардык уюмдун, анын ичинде “Чек арасыз дарыгерлердин” ишин токтотконун билдирди.