Иранда нааразылык акциялары уланууда, кеминде 62 өмүр кыйылды
Иранда коопсуздук күчтөрүнүн кысымына жана интернеттин өчүрүлүшүнө карабастан митингдер уланып, демонстранттар борбор калаа Тегерандан башка да ири шаарларда көчөгө чыгышты. Укук коргоочулар каза тапкандар 60тан ашканын кабарлап жатышат.
Дүйнөлүк маалымат агенттиктери аныктыгын тастыктаган видеолордон көчөдө топ-топ болуп турган демонстранттар "Хаменеиге өлүм" деп ураан таштап, жанынан өтүп бараткан автомашиналардын айдоочулары аларга белги берип, колдоосун билдирип жатканын көрүүгө болот.
Демонстрациялар көбөйгөн сайын бийлик Тегерандын көчөлөрүндө көзөмөлүн күчөтүүдө. Шаардын негизги көчөлөрүнүн бирине коопсуздук күчтөрү ар 10 метр сайын блокпост койгонун, ал жерде Калашников автоматын кармаган коопсуздук кызматкерлери турганын жаш активисттер тобу билдирди.
Тегерандын мэри Алиреза Закани 9-январга караган түнү 50дөн ашуун банк имараты, бир нече мамлекеттик мекеме өрттөлгөнүн, 30дай мечитке да өрт коюлуп, жок кылынганын айтты.
"Ирандагы адам укуктары боюнча борбордун" (CHRI) укук коргоочулары Тегеран, Мешхед жана Караж шаарларындагы ооруканаларда митингдерде жараат алгандар толуп калганын кабарлоодо.
HRANA маалымат агенттигинин соңку маалыматына караганда, жалпысынан 13 күндөн бери уланып келе жаткан нааразылык акцияларында кеминде 62 адамдын өмүрү кыйылды, алардын 14ү күч кызматкери. Мындан тышкары 2300 демонстрант камакка алынды.
Алгач экономикалык каатчылыкка каршы чыккан демонстранттар кийин саясий ураандарды да чакыра башташкан. Нааразылыкка Ирандын улуттук акчасы риалдын наркынын АКШ долларына карата кескин арзандашы жана инфляциянын 52% чейин өсүшү себеп болгону айтылган.
9-январда Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи элге кайрылуу жасап, митингчилерди АКШнын президенти Дональд Трамптын атынан аракеттенүүдө, мамлекеттик мүлккө кол салууда деп айыптап, “чет өлкөлүктөргө жалданган адамдарга каршы чара көрүлөрүн” эскерткен.
Акциялар тутанганда Трамп коопсуздук күчтөрү ок ачса демонстранттарга жардам жөнөтөрүн айткан. Тегеран Вашингтон кийлигише турган болсо анын арты бүтүндөй регионду бейстабилдүүлүккө батырат деген жообун кайтарган. (RK)
