Аба ырайы: айрым аймактарда кар жаайт
13-январда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.
Тоо этектерде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 11…16;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 8…13;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 9…14;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 1…6;
Нарын облусунда түнкүсүн -21…-26, күндүз -9…-14 градус суук болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1 …+1°, күндүз 14…16° жылуу болот.
