ИИМ Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аккулу Бердиев алдамчылыкка жана зомбулукка айыпталып кармалганын билдирди. Мунун алдында анын жубайы экенин айткан аял зомбулук көрүп жатканын айтып бийликке кайрылган. Беш баланын энеси коопсуздугу коркунучта экенин айтып, күйөөсүн көп аялдуулукка айыптаган.