Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Трамп ирандыктарга "жардам жолдо" экенин билдирди

0

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Ирандагы нааразылык акцияларына чыккан жарандарга "жардам жолдо" экенин билдирди.

Трамп 13-январда социалдык тармактагы билдирүүсүндө ирандыктарды бийликке каршы нааразылыкты улантууга чакырып, демонстранттарды "негизсиз өлтүрүү токтомоюнча" ирандык расмий өкүлдөр менен бардык жолугушууларды жокко чыгарганын жазды.

Укук коргоо уюмдары билдиргендей, Иран бийлиги демонстрацияларды катаал күч менен басып, 600дөн ашуун адам каза тапканын билдирүүдө. Ал эми Reuters аты-жөнү аталбаган расмий өкүлгө таянып, курмандыктардын саны эки миңдин тегерегинде болушу мүмкүн экенин жазды.

Айрым байкоочулардын айтымында, маалыматтын жайылышын чектөө максатында бийлик интернетти өчүрүп салган. Ошондуктан канча адам набыт болгону тууралуу так маалымат жок.

Буга чейин Вашингтон "абалды өтө кылдат көзөмөлдөп жатканын" белгилеп, Тегеранды "демонстранттарды өлтүрбөөгө" чакырган.

Ал эми президент Трамп буга чейин Иран менен иш алып барган ар бир өлкөгө АКШ менен болгон соодада 25 пайыздык тариф киргизилерин айткан. Бул чаралардын чоо-жайы такталган жок.

28-декабрда Иранда инфляция кескин өсүп, улуттук валютанын наркы кескин түшүп кеткен соң толкундоолор башталган. Кийинчерээк алар өкмөткө каршы массалык толкундоолорго айланды.















Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *