Көрүүсү начар жана азиз балдардын мектебин Бишкектен көчүрбөө сунушу айтылды
Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева бийликтен Бишкектеги көрүүсү начар жана азиз балдардын мектебин шаар сыртына которбоону суранды. Депутат бул тууралуу маселени 14-январдагы парламент отурумунда көтөрдү.
"Бул мектепти Бишкектин сыртына - Таш-Дөбө айылына которууну көздөп атышыптыр. Буга мектептин эмгек жамааты да, балдардын ата-энелери да каршы. Алар бизге кайрылып, өтүнүчтөрүн Министрлер кабинетине жеткирүүнү, мектепти ордунда калтырууну суранышты. Анткени Таш-Дөбө алыс, ал жакка жетүү финансылык жана башка көйгөйлөрдү жаратат. Анын үстүнө балдар бул мектепке баруучу жолду өздөштүрүшкөн", - деди Эльвира Сурабалдиева.
Көрүүсү начар жана азиз балдардын Кыргызстанда эки эле мектеби бар. Бири Бишкекте, экинчиси Ош шаарында.
Бишкектин Кулатов көчөсүндө жайгашкан мектепте 220 бала окуйт, анын жүздөйү аймактардан келгендер.
Расмий маалыматтарга караганда, ушу тапта Кыргызстанда майыптыгы бар 38 миң бала катталган.(ZKo)
