Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Туманбаев: Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү алмаштырууга 083 маалымкат талап кылынбайт

0

14-январда президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу, аны алуу маселелери боюнча Фейсбуктан маалымат берди. Ал мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү акысыз алуу 15-январдан 15-февралга чейин жүрөрүн белгиледи.

Туманбаев эски, мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу үчүн 083 медициналык маалымкат талап кылынбай турганын айтты:

"Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштырууда 083 медициналык маалымкат талап кылынбайт. Система боюнча Түндүк тиркемеде андай талап бар болчу. Эртеңден баштап Түндүккө кирсеңер, маалымкаты жок эле мөөнөтсуз айдоочулук күбөлүктү алмаштырып алсаңыздар болот", - деди Туманбаев.

Ал жаңы берилип жаткан күбөлүктөр эл аралык макамга ээ болорун кошумчалады.

Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүк жоюлуп, аны 2026-жылдан тарта он жылдык мөөнөткө берилүүчү күбөлүккө алмаштыруу зарылчылыгы былтыр күзүндө жарыяланган. 2009-жылдан 2012-жылга чейин берилген айдоочулук күбөлүктөргө 2027-жылга чейин мөөнөт коюлган.

Мөөнөтсүз күбөлүктү алмаштыруу үчүн айдоочулар медициналык кароодон өтүүгө тийиш. Мындан улам бейтапканаларда узун кезек жаралганы соцтармактарда жазылган. Маалыматты Саламаттык сактоо министрлиги ырастап, айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу учурунда 083 формасындагы медициналык маалымкат алуучулардын саны күнүнө үч миң адамга чейин чыкканын билдирген. Министрликтин маалыматына караганда, сентябрь айында бул маалымкат үчүн күнүнө 500дөй адам кайрылса, декабрь айында алардын саны үч миңден ашкан.

Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү жарандар сынаксыз жана акысыз ала турганы айтылган. Бирок бул документти "Түндүк" тиркемеси аркылуу жаңылаган жарандар 600 сомдон 1200 сомго чейин акы төлөшкөнүн билдирген.(ZKo)















Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *