Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Орусия эмки жылдын мартына чейин мигранттардын балдарына тиешелүү эрежелерди аныктайт

0

Орусиянын бийлиги эмки жылдын 31-мартына чейин мигранттардын балдарынын жүрүүсүн тескеген шарттарды аныктоону пландап жатат. ТАССтын маалыматына ылайык, мындай пункт өкмөттүн тиешелүү көрсөтмөсүндө камтылган.

Атап айтканда, жашы жетелек балдардын билим алуусуна байланышкан эрежелер киргизилет.

Бул чара Орусиядагы жашы жетелек чет өлкөлүк жарандар менен иш алып барууну уюштурууну көздөгөнү белгиленет.

Былтыр ноябрда Орусиянын Агартуу министрлиги Ички иштер мекемеси менен мектептерде жана коллеждерде окуган чет элдик балдар тууралуу маалымат менен бөлүшүү тартибин бекиткен. Муну менен канча жеткинчектин мектепке барбай калганын аныктап, «алар менен жеке иш жүргүзсө» болору айтылган.

Орус президентинин алдындагы Адам укуктары боюнча кеңеш ИИМге таянып, өлкөдө 785 миң мигрант бала бар деп билдирген. Алардын 24,5% окуу жайларга барат.

Орусияда 2025-жылдын 1-апрелинен тартып мигрант балдары мектепке кирүү үчүн орус тилинен милдеттүү түрдө тест тапшырууга тийиш.

Сентябрдагы маалыматка ылайык, чет өлкөлүк жарандардын балдарынын басымдуу бөлүгү тил сынагынан өтө алган эмес. Беш ай ичинде 23,6 миң арыз берилген. Экзаменге алардын сегиз миңден ашыгы гана киргизилип, жарымына жакыны тапшырмаларды аткара алган эмес.

Орусиялык аткаминерлер мектепке барбаган, көчөдө бош жүргөн мигрант балдар менен өспүрүмдөр коопсзудуккка коркунуч жаратарын айткандары бар.















Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *