Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Депутат Талиева мыйзам долбоору боюнча Орунбековдун сынына жооп берди

0

Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева мамлекеттик сыйлыктар боюнча мыйзам долбооруна байланыштуу президенттик администрациянын маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбековдун сынына жооп берди.

Камила Талиева парламенттин 15-январдагы жыйынында “Мамлекеттик сыйлыктар, ардактуу наамдар жана мамлекеттик сый акылар тууралуу” мыйзам долбоорун окуп чыкканын кошумчалады.

“Бизге үйрөтүшпөсүн. Биз мыйзамды семичкедей чагып окуйбуз. 21-октябрда коомдук талкууга коюлган мыйзам долбоорлорун окуп, комментарий берсек кетпей турган. Кечээ күнкү мыйзамдарды мен 10 жолудан окугам”, - деди ал.

Жогорку Кеңештин 14-январдагы отурумунда Министрлер кабинети сунуштап жаткан “Мамлекеттик сыйлыктар, ардактуу наамдар жана мамлекеттик сый акылар тууралуу” документ каралып, талкуу жараткан.

Жыйында Камила Талиева долбоордо мамлекеттик кызматкерлерге “Кеменгер” деген наам берилери жазылганын айтып, ага каршы чыккан.

Дайырбек Орунбеков Фейсбуктагы баракчасына пост жазып, мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке 2025-жылдын 17-декабрында түшкөнүн, анда “Кеменгер” деген наам берүү жок экенин билдирген жана “Камила Абдразаковна, Жогорку Кеңештин трибунасынан маселе көтөрүп жатканда алгач тактап алып анан микрофонго чуркасаңыз болмок” деп жазган.

Министрлер кабинети сунуштаган мыйзам долбоорунун жаңы редакциясында бир катар мамлекеттик сыйлыктар жана сый акылар кыскартылат, айрымдары өкмөттүн карамагына берилет. Баяндамачы жок деген негизде долбоор Жогорку Кеңештин 14-январдагы отурумунун күн тартибинен алынган. (BTo)















Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *