Миннеаполисте федералдык агент дагы бир кишини атып салды, миңдеген киши нааразылык акциясына чыкты
Миннеаполисте федералдык чек ара кызматынын агенти дагы бир кишини атып салды.
CNN билдиргендей, каза тапкан киши - 37 жаштагы Алекс Претти. Ал реанимацияда медицина кызматкери болуп иштеп келген. Окуя 24-январдын түнү болгон. Бир нече жолу ок деген Претти ооруканага жетпей үзүлгөн. Ал АКШ жараны болушу мүмкүн.
Американын Ички коопсуздук министрлигинин басма сөз катчысы Триша Маклахлин Миннеаполисте атайын операцияны федералдык чек ара кызматкерлери жүргүзгөнүн айтып, алар зомбулук үчүн изделип жаткан жана мыйзамсыз жүргөн чет элдикти кармоо учурунда Претти тапанча менен келген деп түшүндүрдү.
Миннесотанын губернатору, демократ Тим Уолз Ак үй менен байланышып, федералдык агенттерди штаттан чыгарып кетүүнү талап кылганын билдирди.
17 күн мурда эле иммиграциялык жана бажы кызматынын агенти алардын ишине нааразылык билдирип, машинесин токтотпой кетип баратканда 37 жаштагы Рене Гудду атып өлтүргөн.
Ызгаарга карабай Миннеаполисте миңдеген киши 24-январда кайрадан федералдык кызматтардын аракетине каршы акцияга чыгышты. Күч органдары аларга каршы көздөн жаш агызуучу газ жана башка каражаттарды колдонду.
