Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27
28
29
30
31

Кыргызстан Сауд өнүктүрүү фондунан мектеп куруу үчүн 50 млн доллар насыя алат

0

Кыргызстан Сауд өнүктүрүү фондунан Бишкек шаарында 150дөн 1000 окуучуга чейин ылайыкталган беш жаңы мектеп, жети билим берүү мекемелерине кошумча корпус салууга жана Чүй облусуна эки жаңы мектеп курууга 50 млн доллар насыя алат.

Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Самат Жантелиев Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 26-январдагы жыйынында айтты.

Анын маалыматына караганда, насыя 25 жылга алынат жана баштапкы беш жылда жеңилдик берилет.

Самат Жантелиев Бишкек шаарына жок эле деген 1000 орундуу 73 мектеп керек экенин, аймактык-административдик реформанын алкагында шаардын аймагы кеңейип мектеп жетишсиздиги дагы күчөгөнүн, ушундан улам алынган насыяга борбордо мектеп куруу чечими кабыл алынганын кошумчалады.

Жыйынтыгында депутаттар мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоду. Документ эми парламенттин жалпы жыйынына чыгарылат. Кыргызстан Сауд өнүктүрүү фондунан буга чейин да 30 миллион доллар насыя алып, ага 28 мектеп, эки бала бакча салган. (BTo)















Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *