Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27
28
29
30
31

АКШдагы калың кар: жети киши набыт болду, миңдеген үйдө жарык жок

0

Кошмо Штаттарда катуу бороондон жекшемби күнкү маалыматка ылайык, бери дегенде жети киши каза болду, 800 миңдей керектөөчү электр жарыгы жок калды.

Улуттук метеорология кызматынын маалыматына караганда, мектептер менен жолдор жабылып, 11 миңден ашуун авиа каттам аткарылбай калды.

Кар аралаш жаан-чачын арктикалык ызгаарды ого бетер күчөттү.

Синоптиктер бороондон өлкө калкынын жарымы кайсы бир деңгээлде жабыркашы мүмкүн деп эскертүүдө.

Жекшембиде техника аппак кардын алдында калган Нью-Йорктогу айтылуу Times Square аянтын тазалап жүрдү. Штаттын губернатору Кэти Хочул бороондун кесепеттерин жоюу үчүн калаага жана айланасындагы жерлерге улуттук гвардиянын аскерелери тартылганын айтты.

Нью-Йорк шаарынын мэри Зохран Мамдани мектептерди онлайн окууга которуу жана эл жылынып алсын деп атайын борборлорду ачууга буйрук берди:

"Биз бүгүн эртең менен жарыялагандай аба ырайынан улам эртең аралыктан окутууга өтөбүз. Балдар мектепке барышпайт. Кээ бир балдарга бул жакпайт го. Мени көрүп калсаңар тартынбай эле кар менен ура бергиле".

Ал эми баш калаа Вашингтондо дем алышта балдар сүйүнүп, Капитолийдин жанында чана тээп, кар ыргытып ойноп жүрүштү.















Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *