Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2026
1 2 3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Президент Жапаров "Унаага" барып, элди бул тармактагы реформага каршы чыкпоого чакырды

0

Президент Садыр Жапаров 3-февралда Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борборуна барды. Ал жердеги жарандар менен жолугушуу учурунда айдоочулукка окутуунун мөөнөтү 10 айга созулганы туура экенин белгилеп, бул тармакты тейлеген жетекчилер реформа тууралуу толук маалымат бере албаганын белгиледи.

“Бийликте, саясатта кээ бир адамдар бар адамдарга сөзү менен жеткире албайт, бирок иши тили менен сүйлөгөндөрдүн тескериси, керек болсо айтканыңдан ашыгы менен аткарып коёт. Бирок элге чыгып сүйлөй албайт, сүйлөсө да түшүндүрө албайт. Муна ушулар. (ред: Иш башкармалыктын башчысы Каныбек Туманбаевди, “Унаанын” жетекчиси Тынычбек Саидовду көрсөтүп) Мына, 7,5 миллион элге түшүндүрүп коёюнчу деп өзүм келип отурам”, - деди Садыр Жапаров.

Ал жарандарды “менчик автомектеп иштеткен 200дөй адамдын кызыкчылыгы үчүн” бул тармактагы реформага каршы чыкпоого чакырды. Президент менчик автомектептерди “акча жасап жүргөн” деп айыптап, алар даярдаган курсанттардын ичинен сынак тапшырып, 20 жолу кулагандар бар экенин кошумчалады.

Президент 2025-жылы 724 миң киши айдоочулук күбөлүк алуу үчүн сынак тапшырып, алардын 100 миңи гана өтүп, 624 миңи кулаганын айтты. Ал ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылып, бул маселени көтөрүүдө "терең талдап, териштирүүгө" чакырды.

Президенттин Иш башкармалыгы быйыл жыл башынан тартып Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк берүүнүн, автомектептерде окуунун жаңы тартибин бекиткен. Ушул жылдан баштап жарандар мамлекеттик автомектептерде окуй турганын айткан.

Менчик автомектептердин жетекчилери 23-январдан тартып иши токтоп калганын, буга Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борбору бирдиктүү базаны жаап койгону себеп болгонун айтып чыгышкан.

Алар 27-январда мамлекеттик мекемеге барып, түшүндүрмө талап кылган. Автомектеп ээлери алардын лицензиясын же база менен иштөө укугун сот гана токтото аларын айтышкан. Ошолордун ичинен менчик эки автомектептин ээсине Ички иштер министрлиги кылмыш ишин козгогону, бири эки айга камакка алынганы белгилүү болду.

Президент Садыр Жапаров 30-январдан тартып менчик автомектептердин лицензиясын токтоткон жарлыкка кол койгон.















Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *