Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2026
1 2 3 4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Шашылыш билдирүү: Тоолуу жолдордо кар көчкү жүрөт

0

5-февралдан 7-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Ала-Бел ашуусуна, Чычкан капчыгайына, Ала-Бука-Каныш-Кыя жолундагы Чапчыма ашуусуна, Красная-Горка-Ак-Таш, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу жана Каракол-Эңилчек жолундагы Чоң-Ашуу ашуусуна кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.5-февралда жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.

Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, Чүй облусунун айрым жерлеринде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 11…16

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндуз 9…14

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 11…16Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндуз 2…7

Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндуз -1…-6

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2°, күндүз 14…16° жылуу болот.















Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *