Орусия менен АКШнын өзөктүк курал боюнча келишиминин мөөнөтү аяктоодо
5-февралда Орусия менен Кошмо Штаттардын ортосундагы стратегиялык чабуул коюучу куралдарды андан ары кыскартуу жана чектөө боюнча СНВ-III деп аталган келишими өз күчүн жоготот.
Бул келишим Москва менен Вашингтондун ортосундагы өзөктүк куралсыздануу боюнча акыркы ири макулдашуу болуп саналат. Документке 2010-жылдын апрелинде Прагада кол коюлуп, 2011-жылдын башында күчүнө кирген. Алгач келишим 10 жылга эсептелген жана аны дагы беш жылга бир жолу узартууга мүмкүн болгон. Бул мүмкүнчүлүк 2021-жылы колдонулган.
СНВ-III макулдашуусуна ылайык, ар бир тарап өзөктүү дүрмөттөрдүн санын 1550гө чейин кыскартууну карамак.
"Кансыз согуш" маалында СССР менен АКШда 35 миңге чейин өзөктүк дүрмөт болгон. СНВ-III өзөктүк арсеналдарды 20 эседен ашык кыскарткан.
France-Presse агенттиги жазгандай, бейшемби күнү НАТО келишимдин мөөнөтү аякташына байланыштуу "cабырдуу, жоопкерчиликтүү мамиле кылууга" чакырды.
Макулдашуу New START деген аталыш менен да белгилүү.
Ал эми Кремль 5-февралда Москва стратегиялык өзөктүк туруктуулук маселесинде жоопкерчиликтүү мамилени сактай берерин Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков айтты. Ошол эле маалда ал Москва бул маселеде "ар дайым биринчи кезекте өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын жетекчиликке аларын" кошумчалады.
2025-жылдын күзүндө Орусиянын президенти Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин жыйынында Кремль СНВ-III келишимин анын мөөнөтү аяктагандан кийин дагы бир жыл сактоого даяр экенин, бирок ал үчүн АКШ да ушундай милдеттенме алышы керектигин айткан.
Американын президенти Дональд Трамп январь айында The New York Times басылмасына берген маегинде Москва менен келишимдин мөөнөтү аяктап жатканына байланыштуу тынчсыздануусун билдирген эмес.
"Биз жөн гана андан да жакшы келишим түзөбүз", — деген Трамп.
NYT менен маегинде Трамп келечектеги келишимге дүйнөдөгү үчүнчү ири өзөктүк арсеналга ээ өлкө катары Кытай да кириши керек деген пикир айткан.
Бирок Кытайдын Вашингтондогу элчилиги бул талапты "акылга сыйбаган жана реалдуу эмес'" деп атап, Кытай өзөктүк арсеналын "минималдуу деңгээлде" кармап турарын жана куралдануу жарышына катышпай турганын билдирген.
