Бишкектеги Ош базары күзгө жакын көчүрүлөт деп пландалууда. Соодагерлер жаңы базардын шарттарынан кабары жок экенин айтып, соода болбой калса насыяларынан кантип кутулуп, кантип тиричилик кылабыз деп тынчсызданып жатышат. 4-февралда президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев базарда эл менен жолукту. Ал соодагерлер жаңы базар толук курулуп бүткөндө гана көчүрүлөрүн, алар ижараны мамлекетке гана төлөй турганын билдирди.