Таласта аялына май чачып, өрттөөгө аракет кылган жаран кармалды
Талас облустук ички иштер башкармалыгы аялына май чачып, өрттөөгө аракет кылган жаран кармалганын билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы маалымдагандай, 5-февралда 28 жаштагы М.Т. аттуу келин арыз менен кайрылып, былтыр 15-октябрда Бакай-Ата районунда жолдошу үйдө ага май чачып күйгүзүп жибергенин айткан.
Бул окуя боюнча ошол эле күнү райондук милицияга бир үйдөн өрт чыкканы тууралуу маалымат түшүп, каттоого алынган.
“Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө күбөлөр суракка алынып, алар меште от күйбөй калгандыктан бензин чачылган учурда жалын тутанып, жубайлар күйүп калганын билдиришкен. Ошол учурда М.Т. жана Д.Ж. жандандырүү бөлүмүнө жеткирилип, абалы оор болгондуктан суракка алууга мүмкүн болгон эмес. Андан кийин жабырлануучу үй-бүлөлүк зомбулук фактысы тууралуу жакындарына жана укук коргоо органдарына билдирбей келген. Окуя боюнча жубайларга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалды”, - деп жазылган маалыматта.
5-февралда М.Т. кайрадан арыз менен кайрылып, жолдошу зомбулук көрсөткөнүн жана ага атайын май чачып, өрттөп жибергенин айткан. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (“Ден соолукка оор залал келтирүү”) 2-бөлүгүнүн 1-пункту менен кылмыш иши козголуп, шектүү Д.Ж. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Кыргызстанда 2025-жылдын 11 айында (январь айынан ноябрга чейин) ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 19 миң 995 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2024-жылдын алгачкы 11 айына салыштырганда (2024-жыл 15 миң 675 факты катталган) 27,5% же 4320 фактыга көп.
