Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Япониядагы мөөнөтсүз шайлоодо премьер Санаэ Такаичинин партиясы жеңди

0

Япониядагы эрте парламенттик шайлоодо премьер-министр Санаэ Такаичинин Либерал-демократиялык партиясы жеңди.

Консервативдүү коалиция паралменттин төмөнкү палатасында үчтөн эки бөлүгүнөн көп орун алды. Ошентип премьер конституциялык көпчүлүккө жана өз демилгелерин ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Япониялык NHK коомдук телеканалы тараткан маалыматка караганда, либерал-демократтарга 465 мандаттын 316сы тийди. Буга чейин аларда 198 орун бар болчу.

Kyodo агенттиги мындай ишенимдүү жеңиш Такаичиге консервативдүү саясий программасын алдыга жылдырууга түрткү берерин жазат.

64 жаштагы премьер башкаруудагы коалиция кризиске батып, парламенттин эки палатасында тең көпчүлүктөн кол жууп калган былтыркы октябрда кызматка келген.

Бир нече апта мурда оңчул көз караштагы саясатчы мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындаган.

Жергиликтүү гезиттер 1955-жылы негизделген Либерал-демократиялык партия мындай ийгиликке буга чейин эч качан жетишпегенин белгилешет.

Такаичи социалдык тармактардагы активдүүлүгү менен жаш шайлоочуларды өзүнө тарта алган. Ага АКШ президенти Дональд Трамп колдоо билдирип, "таасирдүү, күчтүү жана акылман лидер" деп атаган.















Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *