Камчыбек Ташиев кызматтан алынганы күтүүсүз болгонун айтты
Германияда дарыланып жаткан Камчыбек Ташиев аны кызматтан алуу боюнча президент Садыр Жапаровдун чечими күтүүсүз болгонун билдирди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасынын кыскача комментарийин Камчыбек Ташиевге жакын журналист Нургазы Анаркуловкулов Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.
“Мен ооруп калып, президенттин уруксаты менен Германияга келгем, себеби мурдагы операция болгон жерге көрүнүүгө туура келди. Бирок, кечээ мени жумуштан алышыптыр, мен үчүн өтө күтүүсүз болду. Кандай болгон күндө да президенттин чечимин аткарууга милдеттүүбүз. Мамлекетибиз, эли журтубуз, президентибиздин алдында ак кызматымды өтөдүм жана сыймыктанамын! Бир гана жеке курам менен коштоштурбай койгону өкүндүрөт! УКМКнын ар бир кызматкерине ыраазычылык билдиремин, ийгиликтерди каалаймын! Ал эми өлкөбүздө тынчтык, стабилдүүлүк болуш үчүн эч ким, эч кандай мыйзамсыз иштерге барбашы керек жана ар бир аракетибиз мыйзам чегинде болот!”, - деген Камчыбек Ташиев.
10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотту. Андан тышкары орун басарлары да жумуштан алынды.
Жумгалбек Шабданбеков УКМКнын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды жана кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет. Ал тууралуу ачык булактарда маалымат аз. 56 жаштагы Жумгалбек Шабданбеков УКМКнын төрагасынын орун басары, 9-кызматтын башчысы кызматында иштеп келаткан.
Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынышы тууралуу кыска комментарий берип, бул чечимди “мамлекеттик түзүмдөр ортосунда биримдикти чыңдоо аракети” деп баалаган. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирген.
Камчыбек Ташиев 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин ошол эле жылдын 16-октябрында УКМКнын төрагасы болуп дайындалган. (BTo)
