Депутат Талиева парламент төрагасы "чыңалган саясий кырдаалдын курмандыгы" болгонун айтты
Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева парламенттин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун кызматтан кетиши боюнча пикирин билдирип, аны соңку күндөрү чыңалган саясий кырдаалдын “курмандыгы” деп атады. Бул тууралуу ал парламенттин 12-февралдагы жыйынында Тургунбек уулу кызматын тапшыруу боюнча расмий жарыялагандан кийин билдирди.
Талиева саясий кырдаалдын чыңалышына депутаттарды да айыптады.
“Тарых үчүн айтып коёлу. Бүгүн мүмкүн эл душманы көрөр же адилеттик айтканыбыз үчүн кодулоого каларбыз. Чоң саясатта жүрөбүзбү, чыдайбыз. Парламентке чыдаганыңар келгиле. Кээ бирөөлөр комфорт зонада жүрөт, мамлекеттин маянасын алып жатат. Биздин саясат таза болбосо элдин шору. Эл эки дос деп жакшы мааниде эркелетип айтып коёт. Эки достун ынтымагын да бузгандар болду”, - деди Талиева.
Депутат парламент чоң саясий аянтча деп, “президент менен Камчыбек Ташиевди ынтымакка келтире турган ушул жер” экенин белгилеп, депутаттарды кайрылуу жасоого чакырды.
Депутат Жанарбек Акаев да Тургунбек уулунун төрагалыгы учурунда көптөгөн маанилүү чечимдер кабыл алынганын белгилеп, анын “эл алдында жүзү жарык экенин” айтты.
Дагы бир эл өкүлү Акылбек Түмөнбаев мурдагы төрага бардык депутаттарга калыс мамиле жасады деп мүнөздөдү.
“Бүгүн эми мамлекетибиздин саясий туруктуулугу үчүн, дагы алдыга жылып, өнүгүүсү үчүн деп өзүңүздүн арызыңызда айтып кеттиңиз. Мен сизди дайыма колдоп, сыйлап келгем. Ачык айтайын, сиз менен ушул жерде чай ичип, бир тууган болгом. Сизди сыйлайм”, - деди Түмөнбаев.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу парламенттин 12-февралдагы жыйынында борбордук трибунада сөз сүйлөп, кызматтан кетүү боюнча чечимин жарыялады. Аны өз алдынча кабыл алганын, эч ким басым кылбаганын айтты.
10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотту. Андан тышкары орун басарларын да жумуштан алып, ордуна жаңыларын дайындады.
Германияда дарыланып жаткан Камчыбек Ташиев 11-февралда аны кызматтан алуу боюнча Садыр Жапаровдун чечими өтө күтүүсүз болгонун билдирди.
