АКШ - Иран тиреши. Трамп менен Нетаньяху жолукту
АКШ менен Иран ортосунда аскердик тирештин алдын алуу үчүн дипломатиялык аракеттер уланууда. Ошол эле маалда Перс булуңуна америкалык согуш кемелери менен аскерлер топтолуп жатат. Шаршембиде АКШнын президенти Дональд Трамп Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен жолугушууда Ислам жумуриятынын айланасындагы соңку окуяларды талкуулашты. Тел-Авив Вашингтондой эле Тегеран менен сүйлөшүүлөрдө анын өзөктүк гана эмес ракета программасы жана аймактагы согушкер уюмдарга көрсөткөн колдоосу сөз болууга тийиш деп эсептейт. Ал эми Ирандын президенти Масуд Пезешкиан анын өлкөсү атомдук курал чыгарууну көздөбөгүнүн айтып, эл аралык инспекторлордун келүүсүнө каршы эместигин билдирди.